Мазмунун көрсөтүү

17-СЕНТЯБРЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

АКШнын батышындагы өрт токтой элек

АКШнын батышындагы өрт токтой элек

Болгон жери

Калифорния, Орегон жана Вашингтон штаттары

Кырсык

  • Тез тараган өрт очоктору Калифорниядан Вашингтонго чейинки эки миллиондон ашуун гектар жерди кучагына алды

  • Аягы үзүлбөгөн коюу түтүндүн айынан аба ден соолукка коркунуч туудурганчалык деңгээлде булганды

  • Калифорнияда тутанган өрттүн бири штаттын тарыхындагы эң ири өрт катары катталды

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 4 546 жарчы башка жакка көчүрүлдү

Бүлгүнгө учураган мүлк

  • 61 үй өрттөнүп кетти

  • 16 үйдү оңдош керек

Жардам берүү иштери

  • Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери COVID-19га байланышкан көрсөтмөлөргө тыгыз карманып, райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдарга жабыр тарткандарды коопсуз жерлерге көчүргөнгө жардамдашып жатат

Кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерибиз Жахабанын уюму көрсөткөн жардамга терең ыраазы. Үйүнөн айрылып калган бир карындашыбыз: «Бир туугандарыбыз эмнеге муктаж экенибизди бизден мурун эле билип, зарыл нерселер менен айттырбай эле камсыздап жатышат»,— дейт.

Дүйнөнүн ал бурчунда тилсиз жоо менен беттешкен ишенимдештерибиз Жахабанын камкордугунан, мээриминен өксүгөн жок (Жакып 5:11).