1-МАРТ, 2021
КОШМО ШТАТТАР
АКШнын түштүгүнө эзели болуп көрбөгөндөй кар жаады. 7 500дөн ашык ишенимдешибиз убактылуу башка жакка көчүрүлдү
Болгон жери
Кошмо Штаттардын түштүгү
Кырсык
2021-жылдын 13-февралында Кошмо Штаттардын түштүк тарабында кар бурганактап жаай баштаган. Эң эле көп кар Техас штатына жааган. Калың кардан, тоңгон муздан, температуранын кескин төмөндөшүнөн улам үйлөр, ишканалар бир нече күн бою электр жарыгы жок калган. Анын айынан болсо суу түтүктөрү жарылган
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
11 жарчы медициналык жардамга муктаж болгон
94 жарчы анча-мынча зыян тарткан
7 650 жарчы убактылуу башка жакка көчүрүлгөн
Мүлккө келтирилген зыян
14 Падышалык залы жана 1 жыйын залы анча мынча зыян тарткан
5 Падышалык залы чоң зыян тарткан
3 224 үй бир аз зыян тарткан
113 үй чоң зыян тарткан
12 үй талкаланган
Жардам берүү иштери
Райондук көзөмөлчүлөр менен аксакалдар COVID-19 пандемиясына байланыштуу уюшулган Кырсык болгондо жардам берүү комитети менен кызматташып, жабыркаган ишенимдештерибизге жардам көрсөтүүдө. Алар таза суу сыяктуу нерселерди жеткирип берип, токтоосуз оңдолушу керек болгон үйлөрдү, Падышалык залдарын оңдоп-түзөөдө. Ошондой эле үйлөрүнөн көчүрүлгөн бир туугандарга түнөк жай табууну уюштурууда. Бардык жардам берүү иштери учурунда COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чаралары сакталууда
Ушундай бороон-чапкындан жабыр тарткандарга Жахабанын колдоо көрсөтүп жатканына абдан ыраазыбыз (2 Корунттуктар 1:3).