Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 22-ИЮЛЬ
КОШМО ШТАТТАР

«Бэрри» тропикалык шамалы Кошмо Штаттардын түштүгүн кыйроого учуратты

«Бэрри» тропикалык шамалы Кошмо Штаттардын түштүгүн кыйроого учуратты

2019-жылдын 13-июлунда, ишемби күнү, 1-категориядагы ураган Луизиананын жээгине жетип, көп өтпөй басаңдаган да, «Бэрри» деп белгилүү болгон тропикалык катуу шамалга айланган. Ал шамалдан улам Алабама, Луизиана, Миссисипи штаттарынын көп жагында үйлөр талкаланып, суу каптап, электр жарыгы өчүп калган.

Бактыга жараша, жарчылардын эч кимиси кырсыктан зыян тарткан да, каза тапкан да эмес. Бирок алардын 123ү башка жерге көчүрүлгөн. Андан сырткары, катуу шамал 5 Падышалык залын жана бир туугандарыбыздын 27 үйүн бүлгүнгө учураткан.

Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар жапа чеккен бир туугандарды бекемдеп-кубаттап жатышат. Ошондой эле коңшу жыйналыштар муктаж болгон бир туугандарды суу, тамак-аш жана баш калкалоочу жай менен камсыз кылууда. Жергиликтүү бир туугандар үйлөрдү, залдарды калыбына келтире башташты.

Кошмо Штаттардын түштүгүндөгү бир туугандарыбыз «Бэрри» тропикалык шамалынын кесепеттери менен күрөшө алышы үчүн, алар үчүн тиленип, колдоп турабыз (Накыл сөздөр 18:10).