Мазмунун көрсөтүү

20-АВГУСТ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

«Деречо» деп белгилүү болгон катуу шамал АКШнын ортоңку батышын бүлгүнгө учуратты

«Деречо» деп белгилүү болгон катуу шамал АКШнын ортоңку батышын бүлгүнгө учуратты

Болгон жери

АКШнын ортоңку батышы

Кырсык

  • 2020-жылдын 10-августунда өлкөнүн айрым жерлерин чагылгандуу жамгыр менен коштолгон, багыты түптүз болгону менен айырмаланган «Деречо» шамалы каптады

  • Түшүм, мүлк зыянга учурады, калың эл электр жарыгы жок калды

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 2 жарчы жеңил жаракат алды

  • 18 жарчы башка жакка көчүрүлдү

Бүлгүнгө учураган мүлк

  • 216 үйдү бир аз оңдош керек

  • 5 үй катуураак зыянга учурады

  • 24 Падышалык залын анча-мынча оңдош керек

Жардам берүү иштери

  • Аймактагы Кырсык болгондо жардам берүү комитети райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар менен биргеликте жабыр тарткан ишенимдештерибизге жардам көрсөтүп жатат

Жахаба Кудайыбыздын бул табигый кырсыктан жапа чеккен ишенимдештерибизди калтырбай турганына эч шектенбейбиз. Ал эми жакында ушу сыяктуу кырсыктардан улам «үйүмөн айрылып калам» деп эч ким коркпой калат (Ышая 65:21).