2019-ЖЫЛ, 18-СЕНТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР
«Дориан» куюну жолундагынын баарын талкалоодо
Бешинчи категориядагы бул куюн Багам аралдарын бүлгүнгө учураткандан кийин Кошмо Штаттардын чыгыш жээгин талкалаган. Ал 1-категориядагы куюнга айланып, 2019-жылдын 6-сентябрында Хаттерас булуңун, Түндүк Каролинаны аралап өткөн. Натыйжада көптөгөн үйлөрдү, ишканаларды суу каптап калган. Ал эми 2019-жылдын 7-сентябрында Жаңы Шотландияда, Канадада куюндай катуу шамал болгон.
Кошмо Штаттардагы филиал куюндан жабыр тарткандардын арасында Багам аралдарындагы 1 742 жарчынын бири гана бар экенин билдирди. Ошондой эле филиалдан келген билдирүүгө ылайык, Жахабанын Күбөлөрүнүн 48 үйү зыянга учурап, 8и талкаланып калган.
Чоң Абако аралында жашаган жарчылардын көбү Багам аралдарынын борбор калаасы Нассауга көчүрүлгөн. Аларды жергиликтүү ишенимдештери аэропорттон жылуу тосуп алышкан.
Кырсык болгондо жардам берүү комитети жана ошол аймакта кызмат кылган райондук көзөмөлчү жабыр тарткандарга жардам берүү ишин уюштуруп, аларды сооротуп-жубатууда. Кошмо Штаттардагы филиалда кызмат кылган бир туугандар да жардам берүү ишине катышуу үчүн жана жыйналыштарды бекемдеп-кайраттандырыш үчүн кырсык болгон аймакка барышкан.
Кошмо Штаттарда куюн, негизинен, Түндүк жана Түштүк Каролинаны талкалаган. Ал жактагы бир туугандардын эч кимиси зыянга учураган эмес. Бирок 737 бир тууган башка жакка көчүрүлгөн. Алардын көбүнө үйүнө кайтып барганга чейин ошол жакта баш калкалоого туура келген. Андан тышкары, 50 үй жана 12 Падышалык залы зыян тарткан.
Канадада ишенимдештерибиздин эч кимиси жабыр тарткан эмес. Куюндан улам айрым бир туугандардын үйү бир аз жабыркаган жана электр жарыгысыз калган. Жергиликтүү жыйналыштардагы бир туугандар кырсыктан зыян тарткандарга жардам беришкен.
Биз Жахабага ушундай оор учурларда ага таянган бир туугандардын «зарлаган үнүн» угуп, жардамга келип жатканына абадан ыраазыбыз (Забур 28:6).