Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Өрттөнүп жаткан Кихеи (Мауи) шаары. Оңдо: От жалмап кеткенден кийинки Лахайна шаарынын абалы

11-АВГУСТ, 2023 | ЖАҢЫРТЫЛДЫ: 29-СЕНТЯБРЬ, 2023
КОШМО ШТАТТАР

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Гавай аралдарынын айрым бөлүктөрүн от жалмады

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Гавай аралдарынын айрым бөлүктөрүн от жалмады

2023-жылдын 8-августунда Гавайинин (АКШ) чоң аралдарынын экинчиси деп эсептелген Мауи аралында катуу куюн башталып, анын айынан өрт чыккан. Куюндун шамалы отту заматта эле бүт аралга жайылткан. Натыйжада байланыш системалары, үйлөр, ишканалар өрттөнүп кеткен. Жергиликтүү бийликтегилер элди башка жактарга көчүрүшкөн. Бери дегенде, 97 кишинин каза болгону тастыкталды. Өрт өчүргүчтөр учурда Гавайинин башка жерлерине ооп кеткен от менен алышууда.

Төмөндөгү маалымат жергиликтүү ишенимдештерибиз берген маалыматка негизделди.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Өкүнүчтүүсү, бир улгайган ишенимдешибиз өрттөн каза тапты

  • 307 ишенимдешибиз башка жакка көчүрүлдү

  • 42 үй өрттөнүп кетти

  • 2 үйдүн бир топ жери жабыркады

  • 38 үйдүн анча-мынча жери жабыркады

  • 1 Падышалык залынын анча-мынча жери жабыркады

Жардам берүү иштери

  • Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар өрт каптаган жерлердеги ишенимдештерине көмөк көрсөтүп, сооротуп-жубатууда

  • Жардам берүү ишин көзөмөлдөгөнгө Кырсык болгондо жардам берүү комитети уюштурулду

Азыркы акыркы күндөрдө көптөр, анын ичинде боордошторубуз аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн келип чыккан табигый кырсыктарынан азап чегип жатышат. Биз Кудайдын Падышалыгы ушундай көйгөйлөрдү биротоло чече турган күндү эңсеп күтүп жатабыз (Мр. 4:39).