Мазмунун көрсөтүү

13-ЯНВАРЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

Жаңыртылган маалымат: «Дориан» куюнунан жапа чеккендерге жардам берүү

Учак жана кайыктар менен жөнөтүлгөн жардам

Жаңыртылган маалымат: «Дориан» куюнунан жапа чеккендерге жардам берүү

«Дориан» куюну 2019-жылдын 1-сентябрынан 3-сентябрына чейин Багам аралдарын бүлгүнгө учураткан. Куюн бүлгүн салганга чейин эле Кошмо Штаттардагы филиал Флоридадан (АКШ) жардам көрсөтүү иштерин уюштура баштаган. Жол жүрүү коопсуз болуп калгандан кийин, жеке кайыктары, учактары бар ишенимдештерибиз аралдарга жардам жеткирүүгө даяр болуп калышкан. Алар жабыр тарткандарга бериле турган зарыл жардамды биринчилерден болуп жеткиришкен.

13 ишенимдешибиз зыян тарткан аймактарга 15 тонна азык-түлүктү жана 700дөн ашуун ыктыярчыны жеткириш үчүн учак менен 300дөн ашуун жолу катташкан. Ошондой эле айрым ишенимдештерибиз 13 менчик кайыгы менен 90 тонна азык-түлүктү жеткиришкен. Флоридадан ал жакка кайык менен барып келгенге 12 саат кеткен.

Палм Бич эл аралык аэропортунун башчысы мындай деген: «Куюн өтүп кетер замат, [Жахабанын Күбөлөрү] учактарын азык-түлүккө толтуруп алып, дароо жардамга жөнөштү. Алар талап кылынгандан да көптү кылып, сонун үлгү көрсөтүштү».

Учактын айдоочуларынын бири Гелн Сандерс: «Көпчүлүгүбүз ишенимдештерибизге жардам берүү ишине учак айдап биринчи жолу катыштык. Дененин азап тарткан бөлүгүнүн оорусун жеңилдетүүгө анын кичинекей мүчөсү катары аз да болсо салым кошконубузга аябай кубандык»,— деген (1 Корунттуктар 12:26).

Кошмо Штаттардагы филиалдын эсептөөсүнө ылайык, кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүүгө болжол менен 1 750 000 доллар кетет. Бул иш 2020-жылдын 1-майында соңуна чыгат.

 

Флоридадан (АКШ) азык-түлүктөрдү кайыкка жүктөп жатышат. Ишенимдештерибиз Багам аралдарына кайык менен жалпы жонунан 29 жолу катташкан

Чоң Абакодогу (Багам аралдары) суу каптап калган аэропорт

Учуп бараткан чакан учактан тартылган сүрөт