Мазмунун көрсөтүү

6-НОЯБРЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

«Зета» куюну Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышына сокку урду

«Зета» куюну Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышына сокку урду

Болгон жери

Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышы

Кырсык

  • 2020-жылдын 28-октябрында Луизиана штатында кубаттуулугу боюнча 2-категориядагы куюн башталып, тропикалык шамалга айланды. Натыйжада Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышы бүлгүнгө учурады

  • Жээкке жакын жайгашкан аймактарды суу каптап, катуу шамал үйлөргө, имараттарга зыян келтирди. Ошондой эле көп жерлерде электр жарыгы өчүп калды

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 324 жарчы башка жакка көчүрүлдү

  • 1 жарчы бир аз жаракат алды

Бүлгүнгө учураган мүлк

  • 291 үй жана 14 Падышалык залы анча-мынча зыян тартты

  • 8 үй жана 3 Падышалык залы чоң зыянга учурады

  • 1 үй талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Жергиликтүү аксакалдар менен райондук көзөмөлчүлөр жабыр тарткан ишенимдештерибизди кайраттандырып, зарыл нерселер менен камсыз кылууда. COVID-19 пандемиясына жана «Лаура» куюнуна байланыштуу уюштурулган Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери «Зета» куюнунан жапа чеккендерге да колдоо көрсөтүүдө. Бул иштерге катышкан ал бир туугандарыбыз коронавирус жуктуруп албаш үчүн сактык чараларына да карманып жатышат.

Бул куюндан улам ишенимдештерибиздин кыйналып жатканы бизди кайгыртпай койгон жок. Ошентсе да Жахаба жардам берүү иштери аркылуу аларга сүйүүсүн көрсөтүп жатат (Забур 89:1).