Мазмунун көрсөтүү

8-СЕНТЯБРЬ, 2021
КОШМО ШТАТТАР

«Ида» бороону Кошмо Штаттардын түндүк-чыгышын талкалап кетти

«Ида» бороону Кошмо Штаттардын түндүк-чыгышын талкалап кетти

2021-жылдын 29-августунда төртүнчү деңгээлге жеткен «Ида» бороону Фоурчон кеме жайына (Луизиана штаты) жакын жерге буркан-шаркан түшүрдү. Бороондон улам чоң толкундар жаралып, катуу шамал менен бирге жаан нөшөрлөп төктү. Анын айынан көп үйлөрдү, имараттарды суу каптап, Мексика булуңунун түндүк жээгинде жашагандар электр жарыгысыз калды. 1-сентябрда «Ида» бороон-чапкыны АКШнын түндүк-чыгышына жетип, суу ташкындарын, куюндарды пайда кылды. Айрым аймактарда электр жарыгы калыбына келиш үчүн бир нече жума талап кылынышы мүмкүн.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Акыркы маалыматка ылайык, ишенимдештерибиздин эч кимиси каза тапкан жок

  • 2 ишенимдешибиз (эркектер) анча-мынча жаракат алган

  • 1 ишенимдешибиз (аял) коопсуз жерге баратканда жаракат алгандыктан, доктурга жаткырылган

  • 1 429 үйдүн анча-мынча жери зыянга учураган

  • 183 үйдүн бир топ жери зыянга учураган

  • 19 үй жарактан чыгып калган

  • 43 Падышалык залынын анча-мынча жери зыянга учураган

  • 10 Падышалык залынын бир топ жери зыянга учураган

  • 4 жыйын залынын анча-мынча жери зыянга учураган

Ишенимдешибиздин бак басып калган үйү, Жаңы Орлеан (Луизиана штаты)

Жардам берүү иштери

  • Жергиликтүү райондук көзөмөлчүлөр менен аксакалдар, ошондой эле Кырсык болгондо жардам берүү комитеттери бороондон жабыр тарткан бир туугандарды сооротуп-жубатууда

  • Муктаж болгондор суу, тамак-аш, дары-дармек сыяктуу зарыл нерселер менен камсыз кылынууда

  • Жардам берүү иштери учурунда COVID-19 пандемиясына байланыштуу сактык чаралары сакталууда

Ишенимдештерибиз табигый кырсыкка алдын ала даярдык көрүп, баарын ойлонуштуруп алышкан. Ошондой эле өкмөт тарабынан берилген көрсөтмөлөргө тыгыз карманып, кооптуу жерден дароо кетишкен. Ушунун аркасында көптөр өмүрүн сактап калышкан (Накыл сөздөр 22:3).