Мазмунун көрсөтүү

Жер титирөөдөн кийин пайда болгон жарака

2019-ЖЫЛ, 15-ИЮЛЬ
КОШМО ШТАТТАР

Калифорниянын түштүгүндө жер титирөө болду

Калифорниянын түштүгүндө жер титирөө болду

2019-жылдын 4-июлунан тартып Калифорниянын түштүк бөлүгүндө жайгашкан Мохаве чөлүндө катуу жер титирөөлөр болду. Андан кийин да жер улам-улам силкине берген. Ошол жер титирөөлөрдүн биринин кубаттуулугу 7,1 баллга жеткен. Ал акыркы жыйырма жылдын ичинде болгон жер титирөөлөрдүн эң эле катуусу болду.

Жер титирөөлөр 215 Жахабанын Күбөсү жашаган Риджкрест шаарынын жанында болгон. Бактыга жараша, бир туугандарыбыздын эч кимиси оор жаракат алган эмес. Анткен менен бир туугандарыбыздын үчөөсү анча-мынча жаракат алган жана алгачкы билдирүүгө ылайык, жети ишенимдешибиз башка жакка көчүрүлгөн. Ошондой эле, бир туугандарыбыздын 7 үйү катуу талкаланып, 35 үйдүн айрым жерлери зыянга учураган. Андан сырткары, эки Падышалык залы бир аз жабыркаган.

Эки райондук көзөмөлчү жабыр тарткан аймакта жашаган бир туугандардын зарыл нерселер менен камсыз кылынышына кам көрүп жатышат. Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар кырсыктан жапа чеккен бир туугандарды сооротуп-бекемдөөдө.

Биз Жахабанын ишенимдештерибизге ушул сыяктуу кырсыктардын кесепеттери менен күрөшүүгө зарыл болгон акылмандыкты мындан ары да бере берсин деп тиленебиз (Накыл сөздөр 2:6—8).