Мазмунун көрсөтүү

20-НОЯБРЬ, 2019
КОШМО ШТАТТАР

Калифорния штатынын чет жакасындагы аймактарды от жалмады

Калифорния штатынын чет жакасындагы аймактарды от жалмады

Акыркы айларда Калифорния штатындагы көп аймактарды өрт каптады. Анын кесепетинде 362 чарчы километр жер күйүп, такырайып калды.

Кошмо штаттардагы филиал билдиргендей, 1 700дөн ашуун ишенимдешибиз башка жакка качууга аргасыз болгон. Бактыга жараша, алардын арасында жаракат алгандар же каза тапкандар жок. 2019-жылдын 10-октябрында Калимеса шаарында сандал дарактары өрттөнүп, бир ишенимдешибиздин үйү күйүп кеткен. Айрым үйлөр болсо анча-мынча зыянга учураган. Башка жакка көчүрүлгөндөрдүн баары кайра өз үйлөрүнө кайтып барган.

Өрт чыккан аймакта жашаган бир аксакал мындай дейт: «Ушундай учурларда көрсөтмөлөргө баш ийүү канчалык маанилүү экенин түшүндүк. Ишенимдештерибиз кооптуу аймактан тез арада чыгып кеткендиктен, өрт өчүргүчтөр адамдарды издеп убара болбой, дароо өрт өчүрүүгө киришишти»,— дейт.

Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар башка жакка көчүрүлгөн ишенимдештерине жардам берүү ишин уюштурушту. Белгилей кетчү нерсе, башка аймактардагы жарчылар ишенимдештерине кам көрүп, аларды үйүнө алышты. Ушундай өзгөчө сүйүү тууралуу сөз кылып, бир райондук көзөмөлчү: «Качууга аргасыз болгондорду каякка жайгаштырабыз деп кыйналган жокпуз»,— деген.

Өрттөн жапа чеккендерге «жөлөк болгон» ошондой ишенимдештерибиз үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз (Колосалыктар 4:11).