Мазмунун көрсөтүү

Виргиния-Бичтеги чабуул коюлган муниципалдык кеңсе

2019-ЖЫЛ, 4-ИЮНЬ
КОШМО ШТАТТАР

Кошмо Штаттардагы Виргиния-Бичте көп адамдарга ок атылды

Кошмо Штаттардагы Виргиния-Бичте көп адамдарга ок атылды

2019-жылдын 31-майында Виргиния-Бич (Кошмо Штаттар, Виргиния штаты) шаарында куралчан адам муниципалдык кеңсенин кызматкерлерин аткылаган. Он эки адам өмүрүнөн айрылып, төртөө жаракат алган.

Кошмо Штаттардагы филиал бул ок атууда каза тапкандардын арасында, кейиштүүсү, Лакуита Броун бир тууганыбыз да болгонун билдирген. Лакуита Броун 39 жашта болчу жана ал Норфолктогу (Виргиния штаты) Сеавью Френч жыйналышында үзгүлтүксүз пионер болуп кызмат кылчу. Андан тышкары, ал Жергиликтүү долбоор/курулушта ыктыярчы болуп кызмат кылган. Жергиликтүү аксакалдар менен райондук көзөмөлчү Лакуита Броун бир туугандын досторун жана үй-бүлөсүн жубатып, эмоциялык жактан жардам берүүдө.

Биз бир тууганыбыздын каза болгонуна абдан кайгырып жатабыз. Ушу сыяктуу кырсыктар болбой турган жана жер бетине «мол тынчтык» орной турган убакты чыдамсыздык менен күтөбүз (Забур 37:10, 11).