Мазмунун көрсөтүү

Эл Ренонун (Оклахома) торнадодон кийинки абалы

2019-ЖЫЛ, 13-ИЮНЬ
КОШМО ШТАТТАР

Кошмо Штаттардагы аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшү

Кошмо Штаттардагы аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүшү

2019-жылдын май айында көз ачырбай жааган жаандан жана 500дөй торнадодон улам Кошмо Штаттардын көп жери зыянга учураганы жаңылыктар аркылуу билдирилген.

Бул кырсык Арканзас, Индиана, Миссисипи, Миссури, Огайо, Оклахома, Пенсильвания жана Техас штаттарындагы Жахабанын Күбөлөрүнөн да кыя өткөн жок. Бактыга жараша, бир туугандарыбыздын эч кимиси каза тапкан эмес. Анткен менен алтоо жаракат алып, алардын төртөө ооруканага жаткырылган. Мындан тышкары, ишенимдештерибиздин үйлөрүнүн алтоо толугу менен талкаланган, 98 үйү жана 12 Падышалык залы зыянга учураган. Үйлөрү талкалангандыктан же зыянга учурагандыктан, 84 ишенимдешибиз башка жакка көчүрүлгөн.

Жооптуу бир туугандар ишенимдештерибиздин канчалык зыянга учураганын дагы деле талдап жатышат. Ошол эле учурда алар жабыр тарткандарды тамак-аш, суу, үй-жай менен камсыз кылууда. Жергиликтүү аксакалдар менен райондук көзөмөлчүлөр ишенимдештеринин рухий жана эмоциялык муктаждыктарына кам көрүүдө.

Табигый кырсыктан кийинки кыйынчылыктар менен күрөшүп жаткан Кошмо Штаттардагы бир туугандарыбызды колдоп, алар үчүн тиленип турабыз (2 Корунттуктар 1:3, 4).