Мазмунун көрсөтүү

1-СЕНТЯБРЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

Кошмо Штаттардын батышын албууттанган от жалмады

Кошмо Штаттардын батышын албууттанган от жалмады

Болгон жери

Түндүк Калифорния жана Орегон

Кырсык

  • 14 миңге жакын чагылган түшкөндөн жана дагы башка кошумча себептерден улам 700дөн ашык жерде өрт чыгып, Түндүк Калифорния менен Орегондо бардыгы биригип 400 000 гектардан ашуун аянтты от жалмады

  • Күл аралашкан коюу түтүн каптагандыктан аба ден соолукка коркунуч туудурганчалык деңгээлде булганды. 21-августта Түндүк Калифорниядагы аба дүйнө жүзү боюнча алганда эң эле кир болду деп белгиленди

  • Дагы эле өчө элек эки өрт Калифорниянын тарыхында экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген ири өрт катары катталды

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 936 жарчы убактылуу башка жакка көчүрүлдү

Бүлгүнгө учураган мүлк

  • 2 ишенимдешибиздин үйү өрттөнүп кетти

Жардам берүү иштери

  • Кырсык болгондо жардам берүү комитети райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар менен бирге жабыр тарткандарга жардам көрсөтүп жатат

Жапа чеккен бир туугандарыбыз көрсөтүлүп жаткан жардамга абдан ыраазы. Бир ишенимдешибиз: «Кандай жагдайга кабылбайлы, Кудай кошкон бир туугандарыбыз дароо жардамга келишет. Анткени биз бир үй-бүлөнүн мүчөсүбүз»,— деди. Бул «эч бир нерсе бизди Кудайдын... сүйүүсүнөн ажырата албасын» айдан ачык далилдеп турат (Римдиктер 8:39).