Мазмунун көрсөтүү

АКШнын Калифорния штатын бүлгүнгө учураткан бороон-чапкындын кесепети

19-ЯНВАРЬ, 2023
КОШМО ШТАТТАР

Кошмо Штаттардын батышын бүлгүнгө учураткан бороон-чапкын

Кошмо Штаттардын батышын бүлгүнгө учураткан бороон-чапкын

2023-жылдын 4-январынан баштап АКШнын Калифорния штаты бурганактаган кардан, нөшөрлөгөн жаандан жана катуу шамалдан улам чоң зыянга учурады. Кайра-кайра сокку урган бороон-чапкындын айынан суу ташкындап, сел жүрдү, электр энергиясы өчүп калды. Миңдегендер үйүн калтырып, башка жакка көчкөнгө аргасыз болушту. Бери дегенде, 19 киши өмүрүнөн айрылды. Айрым жерлерде жарым жылдан ашыгыраак убакыттын ичинде жаай турган жаан бир нече эле күндүн ичинде жаап койду.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Ишенимдештерибиздин эч бири каза болгон жок

  • 199 жарчы башка жакка көчүрүлдү

  • 4 үйдүн бир топ жери талкаланды

  • 141 үйдүн анча-мынча жери талкаланды

  • 23 Падышалык залынын анча-мынча жери зыянга учурады

  • 1 алыскы котормо кеңсеси бир аз жабыркады

Жардам берүү иштери

  • Райондук көзөмөлчүлөр жана жергиликтүү аксакалдар кырсыктан жабыр тарткан үй-бүлөлөргө барып, аларга иш жүзүндө колдоо көрсөтүп жатышат

  • 44 үйдү жашаганга жарактуу кылып оңдошту

  • 15 үй оңдолуп-түзөлдү

Башыбызга «кыйынчылык түшкөн күнү» Жахабанын ишенимдештерибизди сооротуп-жубатарынан шектенбейбиз (Забур 50:15).