Мазмунун көрсөтүү

Бир туугандын суу каптап калган үйү (Небраска, Ашленд). Ыктыярчылар тазалоо ишин башташкан

2019-ЖЫЛ, 16-АПРЕЛЬ
КОШМО ШТАТТАР

Кошмо Штаттардын борбордук бөлүгүн суу каптады

Кошмо Штаттардын борбордук бөлүгүн суу каптады

Нөшөрлөгөн жаандын жана эриген кардын кесепетинде 2019-жылдын мартынын орто ченинде Небраска менен Айова штаттарын суу каптаган. Ал аймактардагы дарыялардын деңгээли аябай көтөрүлүп, дамбалардан ашып кеткен. Натыйжада жүздөгөн үйлөр жарактан чыгып, бери дегенде, 4 киши каза тапкан.

Кошмо Штаттардагы филиал ал аймактардагы 5 123 жарчынын эч кимиси каза болбогонун, ошондой эле жаракат албаганын билдирген. Бирок 84 жарчы башка жакка көчүүгө аргасыз болгон. Андан тышкары, 8 бир туугандын үйү талкаланган жана 34 үй анча-мынча зыянга учураган.

Жакын жердеги жыйналыштардагы өз ыктыяры менен жардам берген бир туугандар жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмү менен бирге тазалоо иштерин башташкан. Кырсык болгон аймактардагы райондук көзөмөлчүлөр жабыр тарткан бир туугандарды бекемдеп-жубатууга жардам берүүдө.

Биз ал жактагы бир туугандарыбыздын ушул оор учурда колдоо көрсөтүп жаткан ишенимдештери жана Ыйык Китеп аркылуу бекемделип, күч-кайрат ала беришин сурап тиленип турабыз (2 Корунттуктар 1:3, 4).