Мазмунун көрсөтүү

14-ДЕКАБРЬ, 2021
КОШМО ШТАТТАР

Кошмо Штаттардын түштүгүн жана орто-батышын бүлгүнгө учураткан торнадолор

Кошмо Штаттардын түштүгүн жана орто-батышын бүлгүнгө учураткан торнадолор

2021-жылдын 10-декабрынан тартып, биринин артынан бири келген торнадо Кошмо Штаттардын түштүгүн жана орто-батышын бүлүнгө учуратып өткөн. Атүгүл алардын бири 402 километрдей аралыкка созулган жолдун таш талканын чыгарган. Натыйжада айрым адамдар көз жумуп, көптөгөн үйлөр жана имараттар талкаланган. Эң эле көп Кентукки штаты жабыр тарткан.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Бир дагы ишенимдешибиз жаракат алган жок же каза болгон жок.

  • 31 жарчы башка жакка көчүрүлгөн

  • 10 үйдүн анча-мынча жери талкаланган

  • 3 үй чоң зыянга учураган

  • 9 үй толугу менен талкаланган

Жардам берүү иштери

  • Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткан үй-бүлөлөрдү жубатып жатышат

  • Жардам берүү иштери COVID-19 пандемиясына карата берилген көрсөтмөлөргө ылайык жүргүзүлүп жатат

Ушундай табигый кырсыктардан жапа чегип жаткан бир туугандарыбызга Жахабанын боору ооруп жатканына шектенбейбиз (Ышая 63:9).