2019-ЖЫЛ, 14-МАРТ
КОШМО ШТАТТАР
Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышында адам өмүрүн алып кеткен торнадо болду
2019-жылдын 3-мартында, жекшемби күнү, Алабама, Флорида жана Жоржия штаттарынын айрым жерлеринде болгон торнадодон 23 киши каза таап, көптөгөн адамдар жаракат алган.
Кошмо Штаттардагы филиал бир туугандарыбыздын эч кимиси каза болбогонун билдирген. Бирок Жоржия штатынын Форт Вэлли шаарында жашаган бир ишенимдешибиздин үйү толугу менен талкаланып, аны басып калган. Ал жакын жердеги ооруканага жеткирилип, зарыл медициналык жардам алган. Мындан тышкары, филиалдын билдирүүсүнө ылайык, 6 бир тууганыбыздын үйү зыян тарткан, ал эми 4 бир тууганыбыздын үйү таптакыр талкаланып калган. Ал аймактагы райондук көзөмөлчүлөр жардам берүү ишин уюштуруп, жарчыларды тамак-аш, турак жай, кийим-кече менен камсыз кылууда. Ошондой эле жергиликтүү аксакалдар жабыр тарткандарды Ыйык Китептеги аяттар менен жубатууда.
Биз бул кырсыктан жапа чеккен бир туугандарыбыз 2019-жылдын жылдык аятындагы: «Тынчсызданба, анткени мен сенин Кудайыңмын»,— деген сөздөрдөн күч-кайрат алышын сурап тиленип турабыз (Ышая 41:10, ККЖД).