Мазмунун көрсөтүү

7-СЕНТЯБРЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

«Лаура» бороон-чапкыны Луизианага сокку урду

«Лаура» бороон-чапкыны Луизианага сокку урду

Болгон жери

Арканзас менен Миссисипи штаттары, Луизиана штатынын батышы, Техас штатынын чыгышы

Кырсык

  • 2020-жылдын 27-августунда 4-категориядагы «Лаура» ураганы Луизиананын батышындагы жээкке жетип, далай мүлктү кыйратып, миңдегендерди электр жарыгысыз калтырды

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Тилекке каршы, карылар үйүнөн башка жакка көчүрүлүп жаткан бир апабыз каза болуп калды

  • Бир карындашыбыз жеңил жаракат алды

  • 3 992 жарчы убактылуу башка жакка көчүрүлдү

Бүлгүнгө учураган мүлк

  • 10 ишенимдешибиздин үйү талкаланды

  • 95 үй жана 4 Падышалык залы чоң зыянга учурады

  • 192 үйдү жана 16 Падышалык залын бир аз оңдоп-түзөш керек

Жардам берүү иштери

  • АКШдагы филиал Кырсык болгондо жардам берүү комитетин түздү

  • Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болгондорго убактылуу жай табууга жардамдашууда

Окуя

  • Бир туугандар COVID-19га байланышкан көрсөтмөлөргө тыгыз кармануу менен бирге кооптуу аймактардан көчүрүлгөн ишенимдештерин убактылууча үйлөрүнө жайгаштырып жатышат. Кырсыктан жапа чеккен бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Көрсөтүлүп жаткан жардамдын баарын Жахабанын батасы деп эсептейбиз!».

Берилген жетекчиликке баш ийген жана бороон-чапкындан жабыр тарткан ишенимдештерине жардам берген бир туугандарыбыз «Кудайдын кызматчылары» экенин далилдеп жатышат (2 Корунттуктар 6:4).