Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 12-ИЮЛЬ
КОШМО ШТАТТАР

Майами, Кошмо Штаттар (англис). «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Майами, Кошмо Штаттар (англис). «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 5—7-июль

  • Өткөрүлгөн жери: «Марлинс-парк» стадиону, Майами, Флорида, Кошмо Штаттар

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, кытай (мандарин)

  • Катышкандардын жогорку саны: 28 000

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 181

  • Эл аралык делегаттардын саны: 5 000

  • Чакырылган филиалдар: Австралазия, Бразилия, Британия, Гана, Греция, Гонконг, Доминикан Республикасы, Жапония, Израиль, Испания, Канада, Колумбия, Нидерландия, Скандинавия, Тайвань, Тринидад жана Тобаго, Түштүк Африка, Украина, Фижи

  • Жергиликтүү окуя: Майами шаарынын мэри Франциз Суарез жекшемби күнү жыйын өткөрүлгөн жерге келип, мындай деген: «„Сүйүү эч качан жок болбойт!“ деген тема тандандалганы абдан ылайыктуу болгон деп ойлойм. Бул — аябай жакшы тема. Кошмо Штаттардын же дүйнөнүн башка жериндеги чоң шаарларда ушундай жыйындардын өткөрүлүп турса, аябай жакшы болот».

 

Майаминин эл аралык аэропортунда делегаттарды тосууга жардам берип жаткан балдар, кыздар

Делегаттар жергиликтүү бир туугандар менен бирге башкаларды жыйынга чакырып жүрүшөт

Жума күнү жарык көргөн «Жаңы дүйнө котормосунун» кайра каралган басылышын колуна алып, карап жаткан делегаттар

Делегаттар жыйындан уккан ойлорун жазып отурушат

181 жаңы ишенимдешибиздин үчөөсү чөмүлүп жатат

Жергиликтүү бир туугандар менен делегаттар учурашып, белек алышып, белек беришип жатышат

Чет өлкөгө дайындалган миссионерлер менен бейтелдиктер жекшемби күнү түштөн кийин жыйынга келгендерге кол булгалоодо

Геррит Лёш бир тууган жекшемби күндүн программасынан кийин атайын толук убакыт кызмат кылган бир туугандар менен учурашып жатат

Достук кечеде делегаттарга ырдап берип жаткан балдар, кыздар