27-АВГУСТ, 2021
КОШМО ШТАТТАР
Нөшөрлөгөн жаан Хила-Бенд шаарын (Аризона) бүлгүнгө учуратты
2021-жылдын 13-августуна караган түнү катуу шамал болуп, жаан нөшөрлөп төккөндүктөн, Аризона штатынын айрым жерлеринде жана батыш Техаста катуу сел жүрдү. Айрыкча, Аризона штатынын Хила-Бенд шаары катуу бүлгүнгө учурады.
Бир туугандарыбызга тийгизген таасири
Өкүнүчтүүсү, 1 ишенимдешибиз (аял) каза болду
Ишенимдештерибиздин 5 үйү зыянга учурады
3 үй-бүлө башка жакка көчүрүлдү
Жардам берүү иштери
Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар жапа чеккен бир туугандарды сооротуп-жубатууда. Үйүн таштап кеткенге аргасыз болгондорго да убактылуу баш калкалай турган жай тапканга жардам берип жатышат
Жардам берүү иши COVID-19га байланышкан сактык чараларына ылайык жүргүзүлүп жатат
Кырсыктан жапа чеккен бардык бир туугандарыбыз үчүн тиленип жатабыз. Жахаба каза болгон ишенимдешибиздин үй-бүлөсүн сооротуп, кайрат береринен шектенбейбиз (2 Корунттуктар 1:3, 4).