Мазмунун көрсөтүү

Үч классташына «Zoom» аркылуу изилдөө өтүп жаткан 6 жашар Мелоди Ивучукву

7-ДЕКАБРЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

Пандемия маалында кабар айтуунун жолун тапкан жаштар

Пандемия маалында кабар айтуунун жолун тапкан жаштар

Майк Ивучуквунун Мелоди деген 6 жашар кызы онлайн окуйт. Бир күнү ал кызынын окуусунан тыныгуу учурунда тамактаныш үчүн ылдыйкы кабатка шаша-буша түшүп келатканын угуп калат. Ал Мелодинин бир нерсе жеп же оюнчуктары менен ойноп отурганын көрөм деп ойлогон. Бирок ал көргөн көзүнө ишене албай туруп калган.

«Кызым „Ыйык Китептен таалим-тарбия ал“ деген китебин кармап алып, компьютеринин маңдайында отуруптур. Үч классташы болсо аны кунт коюп угуп жатышыптыр,— дейт Майк.— Анан ал мага: „Ата, ыйык китептик изилдөө өткөрүп жатам!“ — деди».

Мелоди Техас штатынын Хьюстон шаарындагы мектепте окуйт. Алар пандемиянын айынан 2020-жылдын сентябрынан бери аралыктан окуп жатышат. Мелоди ошол убактан тартып изилдөө баштайм деп максат кылып жүргөн. Ошон үчүн Жахабадан тиленип, мүмкүнчүлүктөрдү издей берген.

Атасы Майк менен апасы Октавия кызы менен аябай сыймыктанышат. Майк мындай деп бөлүшөт: «Мелоди классташтарына Жахаба жөнүндө дайыма эле айтып берчү. Бирок анын ыйык китептик изилдөө өтүп жатканын көргөндө апасы экөөбүздүн тең жүрөгүбүз элжиреп кетти».

Мелоди дагы деле классташтары менен изилдөө өтүп турат. Ал: «Ушуга чейин классташтарыма Бейиш жөнүндө, Иса жөнүндө айтып бердим. Мен алардын Жахабанын Күбөсү болушун каалайм!» — дейт.

Иллинойс штатындагы Инглсайд шаарында жашаган 9 жаштагы Сэмуел Молнар да Жахаба жөнүндө башкаларга айтууда.

Үйлөрдү бөлүп турган тосмонун артында жашаган кошунасына кабар айткан бир ишенимдеши жөнүндө укканда ал да ошентип кабар айткысы келип калган. Анан өзү да тосмонун ары жагында ойноп жаткан бир балага кабар айткан. Көрсө, ал кошунасынын небереси болчу экен. Ал андан Бейиш жөнүндө уккусу келер-келбесин сураган. Тиги бала макул болгон. Ошондо Сэмуел үйүнө чуркап кирип, «Ыйык китептик аңгемелер» китебин алып чыккан.

«Ыйык китептик аңгемелер» китебин кармап турган 9 жашар Сэмуел Молнар

Сэмуел: «Мен ага келечекте жаныбарлар менен ойной турганыбызды, алар бизге кол салбай турганын айттым. Анан арстандардын оруна ыргытылган Даниел жөнүндө окуп бердим»,— дейт.

Ал ошону менен эле токтоп калган эмес. Ага кат жазып, jw.org сайтыбыздагы балдарга арналган тапшырмалар, видеолор тууралуу айткан. Экөө кийинки жолу жолукканда Ыйык Китептеги дагы бир аңгемени окуганга макулдашышкан.

Бул окуя Сэмуелге аябай катуу таасир эткендиктен кийинки максатына жетиш үчүн көп күч жумшаганга бел байлаган. «Мен башкалар менен бөлүшүш үчүн негизги окутуу куралдарына кирген баракчалардын баарын окуп чыгайын деп жатам»,— дейт ал.

Хьюстондогу үч карындашыбыз да жакында эле бир максатын ишке ашырышты: алар жайкы каникулда көмөкчү пионер болушту.

Август айында 13 жаштагы Жоселин Хорта, 12 жаштагы Мелани Алварез жана 10 жаштагы Клоэ Родригес видеобайланыш аркылуу кат жаза башташкан. Алар жумасына 5 жолу байланышып, кызматына эртең мененки 7:00дө киришишчү.

Клоэ Родригес (ылдый жактын сол тарабы), Мелани Алварез (жогору жактын сол тарабы), Жоселин Хорта (оң тарап)

Жоселин мындай дейт: «Биз сүйлөшүп, чогуу тамактанчубуз. Анан 7:30да кат жазып баштачубуз. Кээде бирөөбүз уктап калчубуз. Андайда экөөбүз: „Кандайсың? Тура кой, кызматты баштайлы!“ — деген билдирүү жөнөтүп ийчүбүз».

Кыздардын ынталуулугу бири-бирине эле эмес, досторуна, үйүндөгүлөрүнө да дем-шык берген. «Кээде кабар айтканга алым жоктой сезип, анча көңүлдөнчү эмесмин,— дейт Жоселиндин апасы Алисия.— Бирок кызымдын кабар айтып жатканын көргөндө өзүмдү колго алып: „Кой, мен да кабар айтайын!“ — дечүмүн».

Пандемияга карабай кызматка катышыш үчүн бүт күчүн жумшап жаткан жаштарды көргөндө Жахабанын жүрөгү кубанып жатканы шексиз (Накыл сөздөр 27:11).