Мазмунун көрсөтүү

Патерсондогу Бейтелди көргөнү келгендер үчүн курулуп жаткан имарат. Курулуш иши алга арыштоодо

10-ФЕВРАЛЬ, 2022
КОШМО ШТАТТАР

Патерсондогу Бейтелде (Нью-Йорк) куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө

Патерсондогу Бейтелде (Нью-Йорк) куруу жана оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө

Патерсондогу (Нью-Йорк штаты) Жахабанын Күбөлөрүнүн Күзөт мунарасы коомунун билим берүү борборунда аянты 2 787 чарчы метрди түзгөн 2 кабаттуу жаңы имаратты куруу иши башталган. Ал жер конокторду тосуп алуу үчүн колдонулат. Курулуш 2023-жылдын жай мезгилинде аяктайт деп күтүлүүдө. Ал жерде туруктуу 3 галереясы жана жаңыртылып-өзгөртүлүп туруучу 1 галереясы бар музей жайгашат. Ал имаратта күн сайын Бейтелди көргөнү келген 1 200 киши кабыл алынат. Андан тышкары, көптөгөн имараттар оңдолуп, эскирген жылытуу, муздатуу системалары, чубалгылар, суу түтүктөрү жана жасалгалары алмаштырылууда. Оңдоп түзөө жана куруу ишинин болжол менен 40тай пайызы бүтүп калды.

Долбоорду көзөмөлдөгөн бир туугандарыбыз COVID-19 пандемиясынын айынан бир топ кыйынчылыктарга кабылышкан. Пандемия учурунда курулуш материалдарын табуу кыйынга тургандыктан курулуш иши токтоп кала жаздаган. Бир жолу курулуш иши кызуу жүрүп, маанилүү бир иш аткарылар алдында бетон даярдаш үчүн цемент жетпей калган. Бактыга жараша, ага-инилерибиз бетон полдун чоң бөлүгүн өз учурунда бүтүрүш үчүн керектүү цемент таба алышкан. Ошондой эле болоттун баасы асмандын башы болуп баратса да, ишенимдештерибиз алдын ала сүйлөшүп койгондуктан, аны анча кымбат эмес баада сатып ала алышкан.

Бейтелдеги карантин учурунда ыктыярчылар кол куушуруп отура бербей, пландаштыруу жана долбоорлоо иштерин өздөрүнүн үйлөрүнөн аткара беришкен. Белгилүү бир убакытка чейин пандемиядан улам киргизилген чектөөлөрдүн айынан шаардын бийлик өкүлдөрү менен жолукканга мүмкүн болбой жатты. Ошентсе да курулуш комитети Бейтелдеги ар кайсы бөлүмдөр жана жергиликтүү бийликтегилер менен тыгыз кызматташып жатты. Комитет ыктыярчылардын көмөгү менен жана видеобайланышты колдонуп, керектүү уруксаттардын баарын өз учурунда ала алды.

Карантинге байланыштуу эрежелер өзгөргөндүктөн, кайсы бир убакытка чейин ыктыярчыларды курулушка чакыруу мүмкүн эмес болуп калды. Бул кошумча көйгөйлөрдү жаратты. Бирок 2020-жылдын сентябрында толук убакыт кызмат кылган ыктыярчыларды ошол жерде жашап жана иштегенге кайрадан чакыра баштоого мүмкүнчүлүк пайда болгон.

Женифер Пол деген ишенимдешибиз бул долбоорго пандемия учурунда чакырылган. Курулуш ишине байланыштуу ал мындай деген: «Мен оор жумушту жакшы көрөм. Бирок мага баарынан да өз ишимди аткарганым эмес, Кудай кошкон бир туугандарымдын арасында болгонум жагымдуу. Мен Жахабанын уюму аткарып жаткан иштерди жана анын жетекчилигин көрө алдым».

Азыркы учурда Патерсондогу куруу жана оңдоп-түзөө иштерине жалпы жонунан 440 ыктыярчы көмөк көрсөтүүдө. Анын ичинде 350дөйү курулуштун өзүндө иштеп жатат. Бир туугандарыбыз, курулуш иши мындан ары да ийгиликтүү улана бериши үчүн, Жахаба зарыл нерселер менен камсыз кылып жатканын айкын көрүп жатышат (1 Жылнаама 29:16).

 

Эки ага-инибиз дренаждык арык казып жатышат

Ишенимдешибиз оңдолуп-түзөлүп жаткан имараттагы жылытуу жана муздатуу системасынын зымдарын туташтырып жатат

Бир тууганыбыз болот түркүктү крандын жардамы менен көтөргөнү жатат

Билим берүү борборунун алдында жайгашкан жаңы имарат (үстүнөн караганда)

Экинчи кабатта курулуш ыктыярчысы болот түркүктөрү менен иштеп жатат

Кран жылытуу, муздатуу жана желдетүү жабдыктарын кеңсе имаратынын чатырына көтөрүп жатат

Жаркырап жылмайып турган курулуш ыктыярчылары

Жаңы имараттын экинчи кабатында күн кечтеп калганга чейин иштеп жаткан курулуш ыктыярчылары