Мазмунун көрсөтүү

24-СЕНТЯБРЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

«Салли» деген бороон-чапкындын айынан АКШнын түштүк-чыгышын суу каптады

«Салли» деген бороон-чапкындын айынан АКШнын түштүк-чыгышын суу каптады

Болгон жери

Алабама, Флорида жана Миссисипи штаттары

Кырсык

  • 2020-жылдын 16-сентябрында 2-категориядагы жайыраак соккон шамал Алабамага катуу жамгыр айдап барды. Бир нече саат бою тынбай жааган нөшөрдөн кийин суулар ташкындады.

  • Миңдегендер электр жарыгы жок калды

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 240 жарчы башка жакка көчүрүлдү

  • Бир жарчы жеңил жаракат алды

Бүлгүнгө учураган мүлк

  • 143 үйдү жана 11 Падышалык залын бир аз оңдош керек

  • 12 үй жана 1 Падышалык залы чоң зыянга учурады

Жардам берүү иштери

  • Жардам берүү үчүн түзүлгөн 2 комитет COVID-19га байланышкан көрсөтмөлөргө тыгыз карманып, райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдарга жапа чеккен бир туугандарга рухий жактан бекемдегенге, эң зарыл нерселер менен камсыз кылганга жардам берип жатат.

Бир ишенимдешибиз бороон-чапкындан кийин эмне кыларын билбей туруп калган экен. Бирок жергиликтүү жыйналыштагы ишенимдештери дароо жардамга келгенин көргөндө кандай сезимде болгонун мындайча билдирген: «Досторубуздун жардамга келип, сүйүүсүнө бөлөгөндө ушунча ыраазы болгонуман эмне дээримди билбей туруп калдым» (1 Жакан 3:18).