Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 23-АВГУСТ
КОШМО ШТАТТАР

Сент-Луис, Кошмо Штаттар. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Сент-Луис, Кошмо Штаттар. «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 16—18-август

  • Өткөрүлгөн жери: «Америка борборундагы Дом стадиону» Сент-Луис, Миссури штаты, АКШ

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, хорват

  • Катышкандардын жогорку саны: 28 122

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 224

  • Эл аралык делегаттардын саны: 5 000

  • Чакырылган филиалдар: Австралазия, Аргентина, Борбордук Европа, Британия, Жапония, Канада, Колумбия, Польша, Португалия, Сербия, Скандинавия, Түштүк Африка, Филиппин, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия-Словакия

  • Жергиликтүү окуя: «Метролинк» компаниясынын коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Мартин Гулли мындай деген: «Айрымдар кимдир бирөөнү сүйөрүн айтышат. Дагы башкалары кайсы бир нерсени сүйөрүн айтышат. Бирок сүйүүнү иш жүзүндө көрсөтпөсө, ал чыныгы сүйүү эмес. Силер болсо сүйүүнү иш жүзүндө көрсөтөт экенсиңер. Ошондой эле момун адамдар экенсиңер. Сүйүү адамды текебер эмес, момун кылат. Менин „Метролинк“ компаниясынын жумушчусу экенимди бул көкүрөк көрнөкчө көрсөтүп турат. Ал эми силердин Жахабанын Күбөсү экениңерди сүйүүңөр айгинелеп турат».

    «Би-Стейт Девелопмент» компаниясынын — Сент-Луис штатындагы экономикалык өсүшкө өбөлгө түзгөн транспорттук агенствонун — коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Жерри Воллей мындай деп кошумчалайт: «Силер тизмеңердеги эле иштерге көңүл топтой бербейт экенсиңер. Чындыгында эле, шаарга келген делегаттар болобу, бул шаардын жумушчулары болобу, „Метролинк“ компаниясынын кызматкерлери болобу, башкалардын пайдасын көздөйт экенсиңер. Алардын баары силер менен кызматташуудан пайда алышты. Кызматташкан адамдардын ар биринин оюн эске алдыңар. Бардык нерсени жакшы, сапаттуу кылыш үчүн колуңардан келгендин баарын кылдыңар».

 

«Сент-Луис Ламберт эл аралык аэропортунда» жыйынга келе турган делегаттарды күтүп жаткан жергиликтүү бир туугандар

Делегаттар Сент-Луистин борбордук аянтчасында жергиликтүү бир туугандар менен эл көп жерде күбөлөндүрүү ишине катышып жатышат

Бир туугандар жыйындын алдында «Дом стадионун» тазалап жатышат

Жаңы чөмүлгөн 224 бир туугандын үчөө

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Дэйвид Сплэйн бир тууган жыйындын үчүнчү күнкү соңку баяндамасын айтууда

Программаны угуп жылмайып жаткан делегаттар

Жекшемби күнү жыйын өткөн жайдын аянтчасында турган эл аралык атайын толук убакыт кызмат кылган кызматчылар жыйынга келгендерге кол булгалашууда

Сүрөткө түшүп жаткан делегаттар менен жергиликтүү бир туугандар

Сент-Луистеги зоопарктагы жаныбарларды көрүп кубанып жаткан делегаттар

Делегаттар Сент-Луис коомдук китепканасында 1611-жылкы чанда кездешкен «Король Яковдун Ыйык Китебинин» алгачкы басылышынын түп нускасын карап жатышат. Ал китептин Забур 83-бөлүм 18-аят камтылган бети ачылып турат. Китепкананын кызматчылары Ыйык Китептин ушул бетин атайын делегаттар үчүн ачып коюшкан.

Достук кечесинде ырдап жаткан жаш бир туугандар