Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Жозеф Рутерфорддун Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) өткөн 9 күндүк тарыхый жыйындагы Падышалыкты жана анын Падышасын жарлагыла деген чакырыгын миңдегендер уккан. Оңдо: Жыйын учурунда сыртта отургандарга да угулушу үчүн Рутерфорд бир тууган микрофонду колдонууда

6-ОКТЯБРЬ, 2022
КОШМО ШТАТТАР

Сидар-Пойнттогу жыйындын болуп өткөнүнө 100 жыл болду!

Анын 100 жылдыгына жаңы көргөзмө ачылды

Сидар-Пойнттогу жыйындын болуп өткөнүнө 100 жыл болду!

Туура 100 жыл мурун уюмубуздун тарыхында маанилүү бир окуя болгон. 1922-жылы 5—13-сентябрга чейин Жахабанын Күбөлөрү Сидар-Пойнтто (Огайо штаты, АКШ) 9 күндүк жыйын өткөрүшкөн. Делегаттар Кошмо Штаттардан, Канададан жана Европадан келишкен. Жыйынга катышкандардын саны күн сайын орто эсеп менен 10 000ге жеткен. Баяндамалар болсо бир учурда 11 тилде айтылган.

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгындагы музейде ушул тарыхый жыйын жөнүндө жаңы көргөзмө ачылган. Анда ушул жыйындын өзгөчөлүктөрү, анын кабар айтуу ишине кандай таасирин тийгизгени көрсөтүлгөн. Учурда ал көргөзмөнү Бейтел үй-бүлөсү гана көрө алат. Кийинчерээк Бейтелдерге экскурсиялар ачылганда аны башкалар да көрө алышат.

Сидар-Пойнттогу жыйындын эң маанилүү учуру 8-сентябрда болгон. Ошол күнү көз жоосун алган Эри көлүнө жакын жайгашкан жерге 8 000дей киши чогулган. Алар Жозеф Рутерфорд бир туугандын «Падышалык» деген баяндамасын укканы келишкен.

90 мүнөт сөз сүйлөгөндөн кийин Рутерфорд бир тууган үнүн бийик чыгарып, угуучулардан: «Машаяктын башкарып жатканына ишенесиңерби?» — деп сураган. Чогулган эл буйдалбастан: «Ооба!» — деп жооп берген. Андан соң: «Силер бул тууралуу ар бир адамга айтышыңар керек. Андыктан жарлагыла, жарлагыла, жарлагыла!» — деген. Дал ошол маалда «Падышаны жана Падышалыкты жарыялагыла!» деген чоң тамгалар менен жазылган жазуу түшүрүлгөн.

Жакшы кабарды жарыялоого үндөгөн ал чакырык жыйынга келгендерге дем-шык берген. Көптөр ага чейин эле кабар айтуу ишине катышып жүргөн болсо да, Рутерфорд бир туугандын баяндамасы аларга кызматка андан да жигердүү катышканга жана үймө-үй кабар айтуу ишинин дагы да уюшкандыкта жүргүзүүгө түрткү берген. Ошол кезде 20ларда болгон Этель Бенекоф деген ишенимдешибиз ал баяндамадан кийин Ыйык Китепти Изилдөөчүлөрдүн «жүрөгү ынтызарлыкка жана сүйүүгө мурункудан да көбүрөөк толо түшкөндөй» болгонун айткан. Ал эми 1922-жылы 18 жашта болгон Одесса Тук деген ишенимдешибиз: «Мен Ышая пайгамбардай болуп: „Мына, мен! Мени жибер“,— деп айткым келген»,— деп эскерген.

Сидар-Пойнттогу жыйындагы чөмүлүү (1922)

Жозеф Рутерфорд баяндамасын айткандан 2 күн өткөндөн кийин, Эл аралык Ыйык Китеп Изилдөөчүлөрдүн Ассоциациясы резолюция кабыл алган. Резолюциянын бир бөлүгүндө мындай сөздөр камтылган: «Машаяктын жолдоочулары катары биз Мырзабыз жана Куткаруучубуз болгон Иса Машаякка баш ийип, анын жолун жолдогонго чечкиндүүбүз. Биз согушка, төңкөрүштөргө, баш аламандыкка катышпайбыз жана зордук-зомбулуктун эч бир түрүн колдобойбуз. Ошондой эле Кудайдын Сөзүн адамдарды адаштырыш үчүн бурмалоого же ушул сыяктуу иш-аракеттердин кылынышына каршыбыз. Биз жан-дилибиз менен тынчтыкка умтулабыз». Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр бул резолюциядагы сөздөргө бекем карманганынын аркасында башка диний топтордон айырмаланып турушкан. Себеби башка диндер Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда да, андан соң бир нече жылдан кийин Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда да кастыктын отун кайра-кайра тутантышкан.

«Күзөт мунарасы» журналынын 1922-жылдын 15-июнунда чыккан санында: «Биз 1922-жылы өткөрүлө турган жыйындын эң жогорку деңгээлде өтүшүнө колубуздан келишинче аракет кылабыз... Ал жыйын миңдеген ишенимдештерибиздин эсинде жаркын элес калтырат деп үмүттөнөбүз»,— деп жазылган.

Чынында эле, ал жыйын көптөр үчүн унутулгус жыйын болгон. Жахаба 100 жыл мурункудай эле, азыр да Падышалыкты жана анын Падышасын жарлап жаткан элине батасын мол төгүүдө (Матай 24:14).