Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 31-МАЙ
КОШМО ШТАТТАР

«Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган 2019-жылкы эл аралык жыйындар тууралуу кыскача маалымат

«Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган 2019-жылкы эл аралык жыйындар тууралуу кыскача маалымат

Майами, Флорида (испан), Кошмо Штаттар

  • Датасы: 2019-жыл, 24—26-май

  • Өткөрүлгөн жери: Майамидеги (Кошмо Штаттар, Флорида) «Марлинс-парк» стадиону

  • Жыйын өткөн тил: испан

  • Катышкандардын жогорку саны: 28 562

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 230

  • Эл аралык делегаттардын саны: 4 600

  • Чакырылган филиалдар: Аргентина, Боливия, Бразилия, Британия, Канада, Борбордук Америка, Борбордук Европа, Чили, Колумбия, Куба, Эквадор, Парагвай, Перу, Филиппин, Испания

Жергиликтүү бир туугандар Майамиге келген делегаттарды жылуу тосуп алып жатышат

Үч жаш бир тууган жыйын өткөрүлгөн жердин сыртында атайын даярдалган сүрөт рамкасын кармап сүрөткө түшүп жатат

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Кеннет Кук ишемби күнү соңку баяндаманы айтып жатат

4 делегат чөмүлүүдө

Жыйынга келгендер ишемби күнкү программада ырдап жатышат

Жергиликтүү бир тууган жана жыйындын бир делегаты Майами-Дейд-коллежине караштуу Кислак борборунун оозунда эл көп жерде күбөлөндүрүү кызматына катышып жатышат

Жыйынга келген атайын толук убакыт кызмат кылган кызматчылар жекшемби күнү, соңку баяндама учурунда жыйын өткөн аянтта турушат

Жергиликтүү эже-карындаштар меймандостук көрсөтүү үчүн уюштурулган иш-чаралардын биринде чоризо, паэлья жана эмпанада деген тамактарды жасап жатышат

Эже-карындаштар уюштурулган кечеде испан улуттук бийин бийлеп жатышат

Уест-Палм-Бич комплексине жык-жыйма толгон делегаттар даярдалган программадан кубаныч алууда