Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 29-МАЙ
КОШМО ШТАТТАР

«Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган 2019-жылкы эл аралык жыйындар тууралуу кыскача маалымат

«Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган 2019-жылкы эл аралык жыйындар тууралуу кыскача маалымат

Атланта (Жоржия, Кошмо Штаттар)

  • Күнү: 2019-жыл, 17—19-май

  • Өткөрүлгөн жери: Атлантадагы (Кошмо Штаттар, Жоржия) «Мерседес-Бенц» стадиону

  • Жыйын өткөн тилдер: амхар, англис, орус

  • Катышкандардын жогорку саны: 46 374

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 314

  • Эл аралык делегаттардын саны: 5 000

  • Чакырылган филиалдар: Австралазия, Бразилия, Британия, Греция, Гонконг, Жапония, Израиль, Италия, Казакстан, Канада, Колумбия, Нидерландия, Португалия, Румыния, Скандинавия, Тринидад жана Тобаго, Финляндия, Франция, Чили, Эфиопия

Бул — 2019-жылда өткөрүлө турган эл аралык жыйындар жөнүндөгү кыскача маалыматты жана сүрөт галлереясын камтыган, jw.org сайтындагы «Жаңылыктар» деген бөлүккө чыга турган 24 макаланын биринчиси.

Жыйын өткөн жайдын сыртында сүрөткө түшүп жаткан бир туугандар

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Стивен Летт ишемби күндүн жыйынтыктоочу баяндамасын айтууда

Аксакалдар жыйында колдонулган эки бассейндин биринде чөмүлдүрүп жатышат

Жыйындын программасын угуп отурган бир туугандар

Жыйынга чакырылган 164 атайын толук убакыт кызмат кылган бир туугандардын айрымдары жекшемби күндүн соңку бөлүгүндө «Мерседес-Бенц» стадионунун аянтчасынан өтүп баратышат

Делегаттар жергиликтүү бир туугандар менен кызматка катышып жатышат

Улуттук кийим кийген делегаттар сүрөткө түшүп жатышат

Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары делегаттар үчүн жазылган: «Бейиш босогодо турат. Жакында Бейиштен көрүшөбүз»,— деген плакатты кармап турушат

Эфиопиянын улуттук кийимин кийген делегаттар, жыйындын акыркы күнү

Достук кечелеринин биринде программага катышкан бир туугандар кол булгалап жатышат. Ары жагында болсо: «Биз силерди жакшы көрөбүз!» — деп жазылып турат.