Мазмунун көрсөтүү

Харлинген шаарындагы ишенимдештерибиздин үйүнүн жанындагы жолдо турган машинелерди суу каптап калган

2019-ЖЫЛ, 10-ИЮЛЬ
КОШМО ШТАТТАР

Техастын түштүгү катуу шамалдан жана селден бүлгүнгө учурады

Техастын түштүгү катуу шамалдан жана селден бүлгүнгө учурады

2019-жылдын 24-июнунда нөшөрлөп жааган жаандан жана катуу шамалдан Техастын түштүгү зыян тартты. Жаңылыктарда айтылгандай, жүздөгөн үйлөрдү суу каптап, 100дөн ашуун киши башка жакка көчүрүлдү.

Жарчылардын эч кимиси жабыр тартпаса да, 47си башка жакка көчүрүлдү. Андан тышкары, бир туугандардын 65 үйү жана Падышалык залына улай курулган бир турак жай зыянга учурады.

Райондук көзөмөлчүлөр менен жергиликтүү аксакалдар кырсыктан жапа чеккендерди жубатып-бекемдеп жатышат. Ошондой эле Кырсык болгондо жардам берүү комитети бир туугандардын тамак-аш, суу жана кийим-кечек менен камсыз кылынышына кам көрүүдө. Зыянга учураган үйлөр жана Падышалык залына караштуу турак жай тазаланып, калыбына келтириле баштады.

Техастын түштүгүндөгү бир туугандарыбыз Жахабага таянып, табигый кырсыктын кесепеттери менен күрөшө алышы үчүн, аларды мындан ары да колдой беребиз (Ышая 26:3, 4).