Мазмунун көрсөтүү

6-АВГУСТ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

Техас штатынын түштүк-чыгышына каран күн салган «Ханна» куюну

Техас штатынын түштүк-чыгышына каран күн салган «Ханна» куюну

Болгон жери

АКШнын Техас штаты

Кырсык

  • 2020-жылдын 25-июлунда биринчи категорияга кирген «Ханна» куюну нөшөрлөгөн жамгыр, бороон-чапкын менен коштолду

  • «Ханна» — үстүбүздөгү жылдын Атлантикадагы алай-дүлөй түшүргөн катуу шамалдар күч алган мезгилиндеги куюндардын биринчиси

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • Эки ишенимдешибиз жеңил жаракат алды

  • 193 жарчы убактылуу башка жакка көчүрүлдү

Бүлгүнгө учураган мүлк

  • 347 бир тууганыбыздын үйүн бир аз оңдош керек болуп калды

  • 31нин үйү катуураак талкаланды

Жардам берүү иштери

  • Кырсык баскан аймактагы райондук көзөмөлчүлөр жергиликтүү жыйналыштардын аксакалдары менен биргелешип ишенимдештерине рухий жактан жана иш жүзүндө жардам көрсөтүп жатышат

«Сооротуучу Кудайыбыз» Жахабага Техас штатында оор жагдайга кептелген бир туугандарыбызга кам көрүп жатканы үчүн терең ыраазыбыз (2 Корунттуктар 1:3, 4).