Мазмунун көрсөтүү

Алабаманы ойрон кылган торнадодон кийин

21-ЯНВАРЬ, 2020
КОШМО ШТАТТАР

Торнадо АКШнын түштүк жана ортоңку батышынын бырын-чырын чыгарды

Торнадо АКШнын түштүк жана ортоңку батышынын бырын-чырын чыгарды

Алберт менен Сюзан Барнетт Алабамадагы «Тускалоса, Батыш» жыйналышында кызмат кылышчу

2020-жылдын 11, 12-январында Кошмо Штаттардын түштүк жана ортоңку батыш тарабында аба ырайы кескин өзгөрдү. Эки күн бою нөшөрлөгөн жаан жаап, аркыраган шамал согуп, бир нече торнадо көп штаттарга чоң бүлгүн салды. Кейиштүүсү, 85 жаштагы Алберт менен анын 75 жаштагы зайыбы Сюзан Барнетт каза тапты. Торнадо ал ишенимдештерибиздин үйүнүн таш-талканын чыгарган.

Кошмо Штаттардагы филиал билдиргендей, бери дегенде, 4 бир тууганыбыздын үйү жана 2 Падышалык залыбыз анча-мынча зыянга учураган. Ошондой эле бир ишенимдешибиздин ишканасы катуу шамалдан талкаланып калган.

Жергиликтүү аксакалдар райондук көзөмөлчүлөр менен бирге кырсыктан жабыр тарткандарды жубатып, кайраттандырууда. Биз асмандагы Атабыз Жахабанын бул каргашадан улам күйүт тартып жаткан боордошторубузду сооротуп-жубатарына ишенебиз (Забур 34:18).