Мазмунун көрсөтүү

Техастын Хьюстон шаарындагы «Интерстейт 45» деп аталган чоң жолдо калган машинелер

2019-ЖЫЛ, 2-ОКТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Тропикалык шамалдан улам Техастын түштүк-чыгышын суу каптады

Тропикалык шамалдан улам Техастын түштүк-чыгышын суу каптады

2019-жылдын 16-сентябрында Техастын түштүк-чыгышында «Имельда» деген тропикалык шамал болуп, катуу жаан жаады. Натыйжада бир нече эле күндүн ичинде суунун бийиктиги 102 сантиметрге жетти. Бул Кошмо Штаттарда болгон, нөшөрлөгөн жаан менен коштолгон тропикалык катуу шамал деп катталды. Ал шамалдын айынан жүздөгөн машинелер негизги чоң жолдордо жана башка жолдордо калган. Көптөгөн тургундарды башка жакка көчүрүүгө туура келген.

Кошмо Штаттардагы филиалдан келген алгачкы билдирүүлөргө ылайык, табигый кырсык болгон аймакта жашаган 29 649 жарчынын эч кимиси каза болгон эмес же зыян тарткан эмес. Бирок 114 жарчы башка жакка көчүрүлгөн. Андан тышкары, 10 Падышалык залы жана бир туугандарыбыздын 145 үйү зыянга учураган.

Филиал тарабынан түзүлгөн Кырсык болгондо жардам берүү комитети жергиликтүү райондук көзөмөлчүлөр жана аксакалдар менен тыгыз кызматташып, кырсыктын канчалык зыян алып келгенин аныктоодо жана жапа чеккендерге жардам берүү ишин көзөмөлдөөдө. Биз Жахабанын ишенимдештерибизге колдоо көрсөтөрүнөн шектенбейбиз, анткени анын мээримдүүлүгү «асман[га]... жетет» (Забур 36:5).