Мазмунун көрсөтүү

2019-ЖЫЛ, 19-ИЮЛЬ
КОШМО ШТАТТАР

Хьюстон, Кошмо Штаттар (англис). «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)

Хьюстон, Кошмо Штаттар (англис). «Сүйүү эч качан жок болбойт!» деп аталган эл аралык жыйын (2019)
  • Күнү: 2019-жыл, 12—14-июль

  • Өткөрүлгөн жери: «NRG-стэдиум»,Техас, Хьюстон, Кошмо Штаттар

  • Жыйын өткөн тилдер: англис, корей

  • Катышкандардын жогорку саны: 50 901

  • Чөмүлгөндөрдүн жалпы саны: 401

  • Эл аралык делегаттардын саны: 5 000

  • Чакырылган филиалдар: Австралазия, Бельгия, Бразилия, Британия, Жапония, Индия, Италия, Канада Колумбия, Корея, Скандинавия, Филиппин, Франция, Чехословакия

  • Жергиликтүү окуя: Хьюстон шаарынын мэри Силверстер Тёрнер жыйынга келген 50 000 Жахабанын Күбөсүн, анын ичинде башка жактан келген конокторду көргөндө ушунчалык таасирленген. Ал: «Силер менен мамилелешкенде таза аба менен дем алгандай сергип каласың. Ошондуктан силерге эшигибизди ачтык. Жылына эки жолу келсеңер да, силерди [Жахабанын Күбөлөрүн] жылуу тосуп алабыз. Эмки жылы да, андан кийинки жылы да келе бергиле»,— деген.

 

Хьюстонго келген делегаттарды тосуп алып жаткан бир туугандар

Делегаттар жергиликтүү бир туугандар менен кабар айтып жүрүшөт

Жыйында чөмүлүп жаткан 401 бир туугандын айрымдары

Жетектөөчү Кеңештин мүчөсү Энтони Моррис ишемби күндүн соңку баяндамасын айтып жатат

Улуттук кийим кийген делегаттар сүрөткө түшүп жатышат

Пикирлешип жаткан делегаттар

Жекшемби күнкү программанын соңунда башка бир туугандар атайын толук убакыт кызмат кылган бир туугандарга кол чаап жатышат

Ыр, бий менен коштолгон жана Жахабанын Күбөлөрүнүн Хьюстондогу тарыхы кыскача көрсөтүлгөн достук кеченин соңунда сахнада турган жергиликтүү бир туугандар