Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 22-МАЙ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгында өткөн ачык эшик күнү көптөргө жакты

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгында өткөн ачык эшик күнү көптөргө жакты

НЬЮ-ЙОРК. 2017-жылдын 29-апрелинде, ишемби күнү, Жахабанын Күбөлөрү Уориктеги (Нью-Йорк) жаңы башкы башкармалыгында экинчи жолу ачык эшик күнүн өткөрүштү. Ага биринчи жолу өткөрүлгөн ачык эшик күнүнө салыштырмалуу көбүрөөк киши келди.

Өткөн ишембиде 468 киши келди. Бул мурунку ишембиге караганда 18 пайызга көбүрөөк. «Көптөгөн кошуналарыбыздын, айрыкча, шаардык өкмөттүн өкүлдөрүнүн, курулуп бүткөн имараттарыбызды көргөнү келгенине абдан сүйүндүк,— дейт башкы башкармалыктын имараттарын күтө билүүгө жооптуу Трой Снайдер.— Өткөн жумада өткөрүлгөн ачык эшик күнүнө келип, көргөндөрү аябай жаккандыктан, кайра келген кошуналарыбыз да болду».

Эки ишемби күнү катары менен саат 10:00дөн 16:00гө чейин өткөрүлгөн ачык эшик күнүнө жалпы жонунан 863 киши келди. Трой Снайдер мырза мындай деп сөзүн улайт: «Ачык эшик күнү эң сонун өттү деп айта алабыз. Келгендер жакшы сөздөрүн айтып, абдан ыраазы болуп кетишти. Имараттарыбызды кыдырып, музейибизди көрүүнү каалаган кошуна-колоңдорубузга эшик дайыма ачык».

Ингрид Магар

Такседо паркынын (Нью-Йорк) жанында жашаган тургундардын бири Ингрид Магар айым да ачык эшик күнүнө чакырылган. Ал мурун бул жерге ээлик кылган «Эл аралык Никель Компаниясынын» металлдарды изилдөө лабораториясында 18 жыл эмгектенген. Мурун бул жердин кандай колдонулганы эсинде болгондуктан ал мындай деди: «Бул жердин ушунчалык көркүнө чыкканына абдан сүйүнүп жатам. Узак убакыт бою ээн тургандыктан: „Эмне болот болду экен?“ — деп ойлончумун. Табияты кооз аймактын багын ачтыңар». Ингрид Магар айым Уориктин учурдагы тургундары жөнүндө: «Силер [Жахабанын Күбөлөрү] менен жакшы кошуна болобуз го деп ойлойм. Силердей болгон сылык-сыпаа, камкор, жаратылышка аяр мамиле кылган, кошуна-колоңдордун кызыкчылыгын ойлогон кишилер менен коңшу болгонубузга кубанып жатабыз»,— деди.

Уильям Хоппи

«Курулуш ишин эң жогорку талаптарга ылайык жүргүзгөнүңөр айдан ачык... Бул имараттарыңардын кандай курулганынан эле көрүнүп турат»,— деди курулуштун акыркы эки жылында Уорик шаардык өкмөтүнүн атынан текшерүүгө келген Уильям Хоппи деген инженер. Ал сөзүн: «Жаратылышка, курчап турган табиятка аяр мамиле кылганыңар, имараттарыңарды күтө билгениңер мени аябай таасирлентти. Табиятка зыян келтирбеген сонун долбоорду ишке ашырдыңар. Башка курулуш долбоорлоруна жакшы үлгү көрсөттүңөр»,— деп улады.

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000