2018-ЖЫЛ, 14-ИЮНЬ
КОШМО ШТАТТАР
Абийирине ылайык иш кылуунун жана кайраттуу болуунун аркасында 75 жыл мурун Жогорку сотто соттук прецедент калыптанган
Классташтары Американын желегине таазим кылып жатышканда, тогуз жашар Гэти Барнетт жана сегиз жашар сиңдиси Мэри урматтаарын көрсөтүп, тынч турушкан. Ушундайча ишенимин иш жүзүндө көрсөткөнү 1943-жылы Жогорку сотто өткөн сот отурумунда чыгарылган маанилүү чечимге негиз болорун алар билишкен эмес. Ал эже-сиңди бир гана Кудайга берилгендик сакташы керектигин жакшы түшүнүшкөн. Аларга окшоп, ата-энеси Жахабанын Күбөсү болгон миңдеген балдар абийирине жараша иш кылып, Кудайга берилгендигин сактоодо (Элчилер 5:29).
Желекке таазим кылуудан кайраттуулук менен баш тарткандыктан, ал кыздар Батыш Виржиниядагы мектептен чыгарылып калышкан. Алардын атасы ар кайсы баскычтагы сотторго кайрылып отуруп, Кошмо Штаттардын Жогорку сотуна чейин жеткен. 1943-жылдын 14-июнунда Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракети «желекти жана өлкөнү сыйлабастыкка жатпай турганын» баса белгилеп, мектептер окуучулардан желекке таазим кылууну талап кылбашы керек деген чечим чыгарган. Үч жыл мурунку «Майнерсвилл мектеп аймагы Гобайтиске каршы» деп аталган сот иши каралганда мектептерге окуучулардан желекке таазим кылууну талап кылууга укук берилген болчу. «Батыш Виржиниянын Билим берүү министрлиги Барнеттеге каршы» деп аталган сот ишин кароодо болсо ошол чечим жокко чыгарылган a.
Сот Роберт Жексондун Жогорку соттун мүчөлөрүнүн басымдуу бөлүгү колдогон чечимге байланыштуу пикиринде мындай деп жазылган: «Конституциялык топ жылдызыбыздын ичинде козголбос жылдыз бар болсо, анда бийлик өкүлдөрүнүн эч кимиси — жогорку бийликтегилер болобу, төмөнкү бийликтегилер болобу — жарандардын эч бирине саясатка, улуттук нерселерге, динге же башка маселелерге байланыштуу кайсы бир көз карашты таңуулай албайт. Ошондой эле өкмөт уккусу келген сөздөрдү айтууга же өкмөт талап кылган иштерди кылууга мажбурлай албайт».
Жахабанын Күбөлөрүнүн балдары бул чечимдин пайдасын дароо эле көрө башташкан. Түндүк-батыш университетинде эмгектенген юридика илиминин профессору Эндрю Коппельман мындай деген: «Жарандык укуктардын корголушун жактаган америкалыктар катуу куугунтукка алынганына карабай, жарандык укугу үчүн күрөшкөн Жахабанын Күбөлөрүнө ыраазы болсо болот. Алардын мындай иш-аракетинин пайдасы азыркыга чейин тийип жатат».
Ал чечим Кошмо Штаттардын эле юриспруденциясына таасирин тийгизген эмес. Жахабанын Күбөлөрүнүн сот иштерине байланыштуу башкы кеңешчиси Филип Брамлинин айтканына ылайык, «Аргентинанын, Канаданын, Коста-Риканын, Гананын, Индиянын, Филиппиндин, Руанданын Жогорку соттору жана Адам укуктары боюнча Европа Соту „Барнеттин иши“ боюнча чыгарылган чечимдин туура экенин айтышып, ошол чечимдеги принциптерге негиздеп чечим чыгарууда».
2006-жылы Роберт Жексондун Нью-Йорктогу борборунда Гэти менен Мэринин иши боюнча чыгарылган чечимдин маанилүүлүгү талкууланган жолугушуу болгон. Ал жолугушууга белгилүү, беделдүү окумуштуулар менен бирге Гэти менен Мэри да чакырылган. Мэри: «Бизден кийинки башка балдарга да ал чечимдин пайдасы тийгенине аябай сүйүнөм»,— деп айткан. Гэти болсо мындай деп кошумчалаган: «Улуу баламды желекке таазим кылбаганы үчүн деректирдин кабинетине чакырганы эсимде. Ошондо деректир: „Жогорку соттун чечими мугалимиңдин эсинен чыгып кеткен окшойт“,— деп айткан».
Бардык Жахабанын Күбөлөрүнүн көз карашын билдирип, Гэти: «Биз желекти жана өлкөбүздү урматтайбыз. Аларга каршы эмеспиз. Болгону эле желекти аздектеп, ага таазим кылбайбыз»,— деген (1 Жакан 5:21).
a Соттун катчысы алардын фамилиясын туура эмес жазып койгон. Туурасы: Гобайтэс жана Барнетт.