Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 17-МАЙ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрү Бруклиндин тарыхый районундагы имаратын сатышты

Жахабанын Күбөлөрү Бруклиндин тарыхый районундагы имаратын сатышты

НЬЮ-ЙОРК. 2017-жылдын 9-майында Жахабанын Күбөлөрү менен «Клиппер Реалти» компаниясынын ортосунда соода-сатык келишимине кол коюлду. Жахабанын Күбөлөрү Нью-Йорк шаарынын тарыхый районундагы (Бруклин-Хайтс) Колумбия-Хайтс, 107 дареги боюнча жайгашкан имаратын сатышты. 1960-жылдан бери ал имаратта Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында кызмат кылгандар жашап келген.

Аянты 14 312 чарчы метр болгон 11 кабат ал имарат Бруклин-Хайтстагы эл сейилдеген чоң көчөгө жакын жайгашкан. Имараттын бак-шактуу короосунда фонтан атып турат, ошондой эле эң үстүнкү кабатындагы терассадан Бруклин көпүрөсү, Ист-Ривер дарыясы жана Төмөнкү Манхеттен көрүнүп турат.

Колумбия-Хайтс, 107деги имараттын бак-шактуу, фонтаны бар короосу.

«Кошуна-колоңдорубуздун, айрыкча, жаш жубайлардын Колумбия-Хайтс, 107деги имаратыбыздын жанынан өтүп баратып фонтанды жана бак-шактуу корообузду суктана карап өткөнү абдан жагымдуу болчу,— дейт Жахабанын Күбөлөрүнүн Уориктеги (Нью-Йорк) жаңы башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян.— Ал жер 50 жылдан ашык убакыт бою Бруклин-Хайтстагы эң сонун жерлердин бири болду».

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000