Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 1-НОЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрү «Тауэрс» аттуу тарыхый имаратын сатышты

Жахабанын Күбөлөрү «Тауэрс» аттуу тарыхый имаратын сатышты

НЬЮ-ЙОРК. Жахабанын Күбөлөрү 31-октябрда тарыхый райондо, Бруклин-Хайтста, жайгашкан Кларк 21деги 16 кабаттуу имаратын сатышты. Жахабанын Күбөлөрү роман стилилинде курулган, мурда мейманкана болгон ал имаратка 40 жылдан ашык убакыттан бери ээлик кылып келишкен.

Ал имарат башында «Леверик Тауэрс хотэл» деп аталчу. Анын ачылыш аземи 1928-жылы болгон. Ошондон көп өтпөй эле «Бруклиндеги ак сөөктөрдүн мейманканасы» деп белгилүү болгон ал мейманкана «Тауэрс хотел» деп аталып калган. Ал мейманканага жогорку даражалуу коноктор келишчү. Бирок 1970-жылдарга чейин анын көркү кетип, баштагыдай конокторду өзүнө тартпай калган.

Жахабанын Күбөлөрү, башкы башкармалыгында кызмат кылгандардын санынын өсүп жатканына байланыштуу, ал имараттын бир нече кабатын ижарага алып, турак жай катары колдонуп келишкен. 1975-жылы болсо имаратты толугу менен сатып алышкан. Сатып алгандан кийин алар имаратты эки жолу: биринчи жолу 1978-жылы, экинчи жолу 1998-жылы оңдошкон.

Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «„Тауэр“ имараты арабыздагы Бруклин-Хайтста жашагандардын эсинде жөн эле көзгө урунган имарат катары эмес, кооз, ыңгайлуу үйү катары эсинде калат. Аны сатуу менен биз Бруклинде болгон тарыхыбыздын дагы бир барагын жаптык».

Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгы 2016-жылы Уорикке (Нью-Йорк) көчкөн.

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000