Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 1-СЕНТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрү Бруклинде жайгашкан эки имаратын сатышты

Жахабанын Күбөлөрү Бруклинде жайгашкан эки имаратын сатышты

Жахабанын Күбөлөрү 2017-жылдын 31-августунда Колумбия-Хайтс 97де жайгашкан имаратын сатышты. Аянты 8 232 чарчы метр болгон ал имаратты 30 жылдан ашык убакыт бою Жахабанын Күбөлөрү башкы башкармалыгында кызмат кылгандар жашай турган жай катары колдонуп келишкен. Бруклин-Хайтс деген тарыхый райондо жайгашкан жана мурун «Маргарет» деп аталган белгилүү мейманкананын ордуна салынган ал имараттын терезесинен Ист-Ривер дарыясы менен Манхеттен көрүнүп турат. Ошондой эле анын чатырга жана террасаларга чыга турган эшиктери бар. 2017-жылдын 11-августунда Жахабанын Күбөлөрү Колумбия-Хайтс 119дагы имаратын да сатышкан.

Учурда Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын жаңы имараты Уорикте (Нью-Йорк) жайгашкан.

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000