Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 28-АПРЕЛЬ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрүнүн жаңы башкы башкармалыгында өткөн ачык эшик күнүнө 400гө жакын киши келди

Жахабанын Күбөлөрүнүн жаңы башкы башкармалыгында өткөн ачык эшик күнүнө 400гө жакын киши келди

НЬЮ-ЙОРК. Өткөн ишембиде Жахабанын Күбөлөрүнүн Уориктеги (Нью-Йорк) жаңы курулган бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгында ачык эшик күнү өттү. Башкы башкармалыктагы комплекстерди күтө билүүгө жооптуу Трой Снайдер мындай дейт: «Башкы башкармалыкты көргөнгө күнүнө, орто эсеп менен, 1 150 киши келип жатат. Бирок бул ачык эшик күнүн Жахабанын Күбөсү эмес кошуна-колоңдорубузга, курулушка колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирүү максатында өткөрүүнү чечтик».

Ишемби күнү өткөн ачык эшик күнүнө жалпы жонунан 395 киши келди. Алардын 205и жергиликтүү тургундар болсо, 190у — курулуш материалдарын саткандар жана келишим боюнча иштеген куруучулар. Коноктор үчүн жеңил тамак-аш, суусундук коюлду жана 40 мүнөттүк экскурсия өткөрүлдү. Экскурсия маалында коноктордун суроолоруна жооп беришкенден сырткары, кыска тасма көрсөтүштү.

Кристофер Гоу, Такседо паркынын (Нью-Йорк) тургуну жана шаардык кеңешчилер тобунун мүчөсү.

Такседо паркынын жанында жашаган Кристофер Гоу мындай деди: «Бул жакты көргүм келип кызыгып жаткам. Чакырышканда, аябай сүйүндүм. Бирдеме куруп жатышканын билгем, бирок эч кандай ызы-чуу үн угулган жок. Тегерек-четтегилердин тынчын албай иштешкендиктен, курулуш жүрүп жатканын сезген да жокпуз».

Жахабанын Күбөлөрү башкы башкармалыгын Стерлинг-Форест токоюндагы көлдүн жанына курушкандыктан, көптөгөн жергиликтүү тургундар курулуш маалында айлана-чөйрөгө зыян келтирилбегенин көргөнү келгенин билдиришти.

Ричард Хулл, Уорикти (Нью-Йорк) изилдеген тарыхчы жана Нью-Йорк университетинин ардактуу эс алуудагы профессору.

Нью-Йорк университетинин эмгек сиңирген, ардактуу эс алуудагы профессору, Уорикте жашаган жана ошол шаардын тарыхын изилдеген Ричард Хулл: «Мен бул аймакты 50 жылдан ашык убакыттан бери изилдеп келем. Жахабанын Күбөлөрү айлана-чөйрөнү да, токойдогу жан-жаныбарларды да эске алып, сонун курулуш долбоорун ишке ашырышты»,— деп айтты.

Такседо паркынын кеңешчилер тобунун мүчөсү да болгон Хулл мырза имараттарды көрүп чыккандан кийин: «Бардык нерсе укмуш ойлонуштурулуп жасалыптыр. Жахабанын Күбөлөрү эч кимдин оюна келбеген ишти бүтүрүштү. Силердин айлана-чөйрөнү эске алып курган имараттарыңар баарына сонун үлгү болду. Силерден үйрөнсөк болот»,— деп кошумчалады.

Атайын дайындалгандар экскурсия өткөргөндөн кийин, коноктор негизги кабылдаманын үстүнкү жана астынкы кабаттарындагы үч көргөзмөнү өз алдынча көрүп чыгышты. Алардын экөөндө дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхы жана учурдагы кылып жаткан иштери көрсөтүлгөн. Ал эми үчүнчүсүнө сейрек кездешкен Ыйык Китептер жана Ыйык Китепке байланыштуу тарыхый буюмдар коюлган.

Хулл мырза сөзүн: «Имараттар заманбап ыкмалар менен курулуптур. Баары жакшы ойлонуштурулуп, сонун жасалганы көрүнүп турат. Мен музейге да барышым керек эле, биякты дагы бир келип көрүп кетем»,— деп жыйынтыктады.

Снайдер мырза мындай дейт: «Жергиликтүү тургундарга бизди колдогонуна жана көчүп келгенибизде жылуу тосуп алганына ыраазычылык билдиргибиз келди. Эки жолу өткөрүлө турган ачык эшик күнүнө Жахабанын Күбөсү эмес кошуналарыбызды чакырууну чечтик. Ошондуктан чакыруу барагын алып, бирок өткөн ишембиде келе албай калган коңшуларыбызды келе жаткан ишембиде, 29-апрелде, саат 10:00дөн 16:00гө чейин өткөрүлө турган ачык эшик күнүнө чакырабыз».

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000