Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 1-НОЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрү Уориктеги 60 жыл мурун курулган дамбаны оңдошту

Жахабанын Күбөлөрү Уориктеги 60 жыл мурун курулган дамбаны оңдошту

НЬЮ-ЙОРК. Жахабанын Күбөлөрү бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктын Уориктеги (Нью-Йорк штаты) жаңы имаратын 2016-жылдын август айында куруп бүтүштү. Курулуш долбоорунун планы боюнча, Жахабанын Күбөлөрү Стерлинг-Форест көлүндөгү дамбаны оңдошкон. Аларга «Сюиз уотер Нью-Йорк инкорпорейтед» компаниясы жардам берген.

Жахабанын Күбөлөрү ал жерди 2009-жылы сатып алгандан кийин Стерлинг-Форест көлүндөгү дамбаны оңдоону ойлонуштурушкан. Дамба (жогорку сүрөттө, алдыңкы катарда) жаңы бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктын жанында турат жана Стерлинг-Форест көлүн тосуп турат. Айлана-чөйрөнү коргоо кызматы дагы бир жолу текшергенде дамбадан суу өтүп жатканын жана ачып-жапма клапаны иштебей турганын тастыктаган. Айлана-чөйрөнү коргоо кызматынын билдирүүсүнө ылайык, дамба 1 чакырымдай алыстыктагы Такседодо жайгашкан Вудлэндстеги 195 үйдүн коопсуздугуна коркунуч туудурат.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Стерлинг-Форест көлүнүн жанындагы дамбага (ортодо, оңдо) катарлаш курулган бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгы (ылдый жакта, солдо).

Жеффри Хатчинсон, Стерлинг-Форест токоюнун мурунку жетекчиси.

«Дамбадан суу өтүп жатканы айкын эле болчу,— дейт Стерлинг-Форест токоюнун ошол учурдагы жетекчиси Жеффри Хатчинсон.— Эгер ал жарылып кетсе, кесепети кейиштүү болмок. Вудлэндстеги үйлөрдүн көбүн алып кетмек».

Такседодо жайгашкан Вудлэндстеги үй ээлеринин Ассоциациясынын президенти Роберт Вернер: «Жахабанын Күбөлөрү болбосо, дамба жарылып, эл үйүнөн, өмүрүнөн айрылганга чейин оңдобой жүрө беришмек»,— дейт.

Такседодогу Вудлэндс аймагындагы үйлөр (өйдө жакта, солдо) Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынан (ылдый жакта, оңдо) жана Стерлинг-Форест көлүндөгү дамбадан 1 чакырымдай алыстыкта жайгашкан.

«2011-жылы Стерлинг-Форест көлүнөн 50 чакырымга жетпеген алыстыктагы Эко көлүндөгү дамба жарылганда, Такседодогу (Нью-Йорк штаты) Ист Виллиж айылынын көп жерин суу алып кеткен»,— дейт Хатчинсон мырза. Жергиликтүү адистердин айтканы боюнча, Эко көлүндөгү дамба жарылганда, Рамапо дарыясынын нугу менен 400 000 куб метр суу төмөн карай шаркырап ага баштаган. 5,2 гектарды ээлеген Эко дарыясы 46,5 гектарды ээлеген Стерлинг-Форест көлүнөн 8 эсе кичине.

Стерлинг-Форест көлүндөгү 1956-жылы курулган дамба көлдүн чыгыш тарабында жайгашкан. Башында ал эки бөлүктөн: жердеги негизги дамбадан жана бетондон жасалган суу аккан каналдан турчу. Көлдүн түбүндө өзгөчө кырдаал учурунда суунун деңгээлин азайта турган бурагыч бар болчу.

Ричард Дивайн Уориктеги курулуш долбоор комитетинин мүчөсү мындай дейт: «Дамбаны оңдоо иши ийгиликтүү жүргөнүнө абдан кубанып жатабыз жана биз менен кызматташкан „Сюиз уотер“ компаниясына ыраазычылык билдиребиз. Куруучуларыбыз дамбаны бекемдеп, иштебеген эски бурагычын жаңысына алмаштырышты. Ошондой эле сууну азайта турган кошумча канал куруп, негизги бетон каналды бекемдешти. Оңдолуп бүткөн дамба коопсуздук чараларына жана бардык талаптарга жооп берет деп ишенебиз».

Хатчинсон мырза Жахабанын Күбөлөрүнө жана алардын бул долбоорду ишке ашырып жатканына карата оюн мындай деп билдирди: «Силер жергиликтүү эл үчүн көп жакшылык кылып, колуңардан келишинче жардам берип жатасыңар. Курулуш долбооруңарды жогорку сапатта бүтүрдүңөр. Айлана-чөйрөгө кам көрүү жагынан башкалардан айырмаланат экенсиңер».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000

 

Жахабанын Күбөлөрүнөн турган курулуш тобу Стерлинг-Форест көлүнүн түбүндөгү иштебей калган ачып-жапма клапанды алып чыгышкан. Суу ашып-таша турган болсо, жаңы орнотулган клапан суунун деңгээлин азайтууга шарт түзөт.

Көлдүн түбүнө чоң таштандыларды тосуп кала турган чыпка орнотулду. Суунун деңгээлин түшүрө турган шайман аркылуу суу агып өткөндө, ал чыпка чоң таштандыларды тосуп калат.

Жахабанын Күбөлөрү көлдүн түбүндөгү суу өткөргүчтү кеңейтишти. Стерлинг-Форест көлүнүн түбүнөн агып чыккан суу жакын жердеги суу агымына барып кошулат.

Жахабанын Күбөлөрү суу агып кете турган жердин цемент дубалдарын 1,3 метрге бийиктетип, бузулган жерлерин оңдошту.

Дамбанын үстүндөгү топуракты алып, керектүү заттар кошулган аралашма менен алмаштырып жатышат. Дамбаны бекемдөөгө 19 000 куб метрдей аралашма сарпталды.

Жумушчу топурак толтурулган жердин жакшы тапталганын жана тегиз болгон-болбогонун текшерип бүттү.

Дамба айлана-чөйрөдөн айырмаланып калбашы үчүн, жашылдандыруу тобу үстүнө топурак төшөп, чөптүн уругун сээп койду.