Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 14-СЕНТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Кошмо Штаттардагы Жахабанын Күбөлөрү «Харви» куюнунан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүдө

Кошмо Штаттардагы Жахабанын Күбөлөрү «Харви» куюнунан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүүдө

Акыркы маалымат. Тилекке каршы, «Харви» куюнунун кесепетинде бир улгайган эжебиз каза болгону маалым болду.

НЬЮ-ЙОРК. 2017-жылдын 25-августунда, жума күнү, 4-категорияга кирген «Харви» куюнунун кесепетинде Техас штатындагы Рокпорт шаарын суу каптап калган. Жекшемби күнгө чейин куюндун күчү бир аз басаңдаган, бирок 30-августта, шаршемби күнү, Техастын түштүк-чыгышын бүлгүнгө учураткан. Кошмо Штаттардагы филиал бир туугандарыбыздын канчалык жабыркаганына байланыштуу алгачкы маалыматты алды.

«Харви» куюну жабыркаткан аймакта 84 000ге жакын Жахабанын Күбөсү жашайт. Билдирүүгө ылайык, бир туугандарыбыздын эч кимиси каза болгон жок. Бирок тогузу жаракат алып, бешөө ооруканага жеткирилген. Жалпы жонунан 5 566 Жахабанын Күбөсү башка жактарга көчүрүлгөн. Бир туугандарыбыздын 475 үйү катуу талкаланып, 1 182 үйү бир аз зыянга учураган.

Кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү иштери Далластагы Остин менен Сан-Антониодогу райондук көзөмөлчүлөрдүн жетеги менен жүргүзүлүүдө. Бул шаарлардагы жүздөгөн бир туугандар Хьюстондон жана Мексика булуңунун түндүк жээгинен, Техастан, көчүүгө туура келген ишенимдештери үчүн бөлмөлөрдү камдап коюшту. Башкалары болсо 300 тоннага жакын азык-түлүк, суу жана башка зарыл нерселерди тартуу кылышты (Накыл сөздөр 3:27; Еврейлер 13:1, 2).

Райондук көзөмөлчүлөр бир туугандардын кайрадан жыйналыштарга чогулуп, кабар айта башташканын билдирди. Кошмо Штаттардагы филиалдын комитетинин мүчөлөрү жабыр тарткан бир туугандарды жубатып, колдош үчүн кырсык болгон аймакка барууну ойлонуштуруп жатат.

«„Харви“ куюнунан жапа чеккен ишенимдештерибиз үчүн жүрөгүбүз ооруп жатат. Өз ыктыяры менен жардам берүү үчүн ал жакка барган бир туугандарыбызга ыраазычылык билдиргибиз келет,— дейт Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Давид Симонян.— Куюндан жабыр тарткан бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз. Ошондой эле аларды мээримдүү Жахаба Атабыздын колдоп турарына бекем ишенүүгө үндөйбүз» (Забур 55:8, 22; Ышая 33:2; 40:11).

Байланышуу:

Давид Симонян, жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000