Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 20-ДЕКАБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрү Жей-Стрит, 85теги жерин сатышты

Жахабанын Күбөлөрү Жей-Стрит, 85теги жерин сатышты

2016-жылдын 20-декабрында, шейшемби күнү, Жахабанын Күбөлөрү Жей-Стрит, 85теги жерин инвестициялык шериктештикти түзгөн «Кушнер Компанис», «CIM Гроуп» жана «LIVWRK» компанияларына саткан. Бир кварталды түзгөн ал жер Бруклиндеги өнүгүп жаткан Дамбо районунда жайгашкан. Аянты 92 903 чарчы метрди түзгөн ал жерде ар кандай курулуш иштерин жүргүзүүгө уруксат алынган.

1980-жылдардын аяк ченинде жана 1990-жылдардын башында ал жерде бир нече эски имарат турчу. Жахабанын Күбөлөрү ал жерди сатып алганда ал имараттарды басмаканага ылайыкташтырып оңдоп-түзөөнү максат кылышкан. Бирок басып чыгаруу, мукабалоо жана жөнөтүү иштери эми Бруклинде эмес, Уолкиллде (Нью-Йорк штаты) жүргүзүлөт деп чечишкен. Жакында эле Бруклиндеги бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгын Уорикке (Нью-Йорк штаты) көчүрүштү. Акыркы жылдары Бруклин-Хайтс жана Дамбо райондорундагы имараттар сатыкка коюлган.

Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Ричард Дивайн мындай деген: «Аянтын, жайгашкан ордун жана колдонууга укук берген мүмкүнчүлүгүн эске алганда, Жей-Стрит, 85теги менчик аймак сыяктуу жерлер сатыкка чанда эле коюлат».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, +1-845-524-3000