Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 2-ДЕКАБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрү Адамс-Стрит, 69дагы имаратын сатышты

Жахабанын Күбөлөрү Адамс-Стрит, 69дагы имаратын сатышты

2016-жылдын 29-ноябрында Жахабанын Күбөлөрү Бруклиндеги (Нью-Йорк) Адамс-Стрит, 69 дареги боюнча жайгашкан имаратын сатышты. Аянты 7 026 чарчы метрлик ал имарат Бруклин менен Манхеттен көпүрөлөрүнүн ортосунан орун алган, деңиз жээгинде жайгашкан Дамбо кварталында жайгашкан.

Жахабанын Күбөлөрү ал 4 кабаттуу имаратты 1994-жылы курушкан. Алар аны автотурук жана эс алуучу жай катары колдонуп келишкен. Автотуруктун аянты 84 машине баткыдай болчу жана анда машине көтөргөн эки лифт иштечү.

Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Ричард Дивайн мындай дейт: «Адамс-Стрит, 69дагы имарат эң сонун жерде жайгашкан. Анын ордуна кийин бир топ чоң жана бийик имарат курса болот. 26 метр болгон имараттын бийиктигин 85 метрге чейин көтөрүүгө, ал эми 7 026 чарчы метрлик аянтын 14 586 чарчы метрге чейин кеңейтүүгө болот».

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, 1-845-524-3000