Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 11-СЕНТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

«Ирма» куюнуна байланыштуу жаңыртылган маалымат

«Ирма» куюнуна байланыштуу жаңыртылган маалымат

Кариб аралдарын жана Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышын бүлгүнгө учураткан «Ирма» куюнунан кийин бир туугандардын ал-акыбалына байланыштуу акыркы маалымат.

Өкүнүчтүүсү, Флоридалык улгайган байкебиз менен Жоржиялык бир бир тууганыбыз (аял) эвакуация маалында каза болушкан. Мындан тышкары, Британиянын карамагындагы Виргин аралдарынын эң чоңу болгон Тортола аралында эки бир тууганыбыз (эркек) жаракат алган. Кариб аралдары боюнча, бери дегенде, 40тай ишенимдешибиздин үйү чоң зыянга учурагандыктан, алар үйсүз калышкан. Бир туугандар кырсык болгон аймакка барыш үчүн бүт мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жатышат. Андыктан ишенимдештерибиздин ал-акыбалына байланыштуу маалымат дагы деле такталууда.

Биз куюндун кесепетинде жакындарынан айрылгандарды жана жапа чеккендерди ойлоп, жаман болуп жатабыз. Жахаба Кудайдын аларды жыйналыш аркылуу жубатып-бекемдээрине толук ишенебиз (1 Тесалоникалыктар 3:7)

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000