Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 15-НОЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Калифорнияны жалмап бараткан өрттөр

Калифорнияны жалмап бараткан өрттөр

Жаңыртылган маалымат: Кошмо Штаттардагы филиал «Кэмп» өртүнөн Калифорниянын түндүгүндөгү Парадайс шаарындагы 70 жаштагы бир туугандын каза болгонун билдирди

Кошмо Штаттардын Калифорния штатында чыккан үч чоң өрт көп жерди жалмап, бери дегенде, 48 кишинин өмүрүн алып кетти. Алардын эң чоңу деп эсептелген «Кэмп» өртү Калифорниянын түндүгүн дагы деле кыйратууда. Ал 47 000 гектар жерди каптап, эсептөөлөргө ылайык, 7 100 имарат (көпчүлүгү үйлөр) күйүп кетти. Ал эми Калифорниянын түштүгүндөгү «Хилл» жана «Вулси» деп аталган эки өрттөн 38 000 гектар жер өрттөнүп, эсептөөлөр боюнча, 435 имарат жабыр тартты. Бир жалпыга маалымдоо каражатынын билдирүүсү боюнча, ушул жылы Калифорнияда чыккан өрттөрдөн зыян тарткан жерлердин аянты Бельгиянын жана Люксембургдун аянтынан да чоң жерди түзөт.

Кошмо Штаттардагы филиалдан келген билдирүүлөргө ылайык, «Кэмп» өртүнөн улам Чико жана Парадайс шаарларында жашаган 427 жарчы башка жакка көчүүгө аргасыз болду. Кейиштүүсү, Пондероса жыйналышындагы улгайып калган бир ишенимдешибиз каза тапты. Ошондой эле, бери дегенде, 94 ишенимдешибиздин үйлөрү өрттөнүп кеткени же зыян тартканы аныкталды. Парадайс шаарындагы Падышалык залы да өрттөнүп кетти.

«Хилл» жана «Вулси» деп аталган өрттөрдүн айынан Окснард, Сими-Вэлли, Таузанд-Окс шаарларындагы 420дай жарчы башка жакка көчүүгө мажбур болду. Өкүнүчтүүсү, Малибу шаарындагы бир ишенимдешибиз жана анын Жахабанын Күбөсү болбогон апасы өрттөн качып баратканда каза болушту. Алгачкы эсептөө боюнча, 21 бир туугандын үйү жана бир Падышалык залы зыянга учурады.

Филиал кырсыктан жабыр тарткандарга жардам бериш үчүн эки комитет түздү. Райондук көзөмөлчүлөр менен биргеликте жергиликтүү аксакалдар өрттөн жапа чеккендерге барып, жубатып-кайраттандырууда жана зарыл жардам көрсөтүүдө. 10-ноябрда, ишемби күнү, Чико шаарындагы 270тен ашуун жарчы үчүн атайын программа уюштурулду. Кошмо Штаттардагы филиалдын комитети жана жергиликтүү райондук көзөмөлчүлөр Ыйык Китептен соороторлук аяттарды окуп, бир туугандарды бекемдешти.

Биз ушундай оор кыйынчылыкка туш болгон бир туугандарыбызды жубатышын сурап Жахабадан тиленип турабыз. Ошондой эле анын жакында бардык адамдарын көзүнөн жашты аарчып, өлүмдү биротоло жок кыларына ишенебиз (Ышая 25:8).