Мазмунун көрсөтүү

2016-ЖЫЛ, 26-ОКТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрү Колумбия-Хайтс, 97деги имаратын сатууда

Жахабанын Күбөлөрү Колумбия-Хайтс, 97деги имаратын сатууда

Көп жыл бою «Маргарет» мейманканасы Бруклиндеги эң бийик, кооз имараттардын бири болуп келген

НЬЮ-ЙОРК. 2016-жылдын 26-октябрында, шаршемби күнү, Жахабанын Күбөлөрү Колумбия-Хайтс, 97 (Бруклин) дареги боюнча жайгашкан имаратын сатыкка койгонун кулактандырышты. Ист-Ривер менен Манхеттендин көк тиреген имараттары көрүнүп турган 11 кабаттуу жатак үй Бруклин-Хайтстын түндүк жагындагы тарыхый аймактан орун алган.

Колумбия-Хайтс, 97деги имарат курулуп жатканда мурунку мейманкананын өзгөчөлүктөрү, мисалы, жез менен капталган жерлери, кызгылт-күрөң чопо менен шыбалган шыбагы, бурчтан чыгып турган терезелери калыбына келтирилген

Бул имарат 1980-жылы өрттөнүп кеткен «Маргарет» мейманканасы жайгашкан жерден орун алган. Жаңы имаратты долбоорлогонго Стэнтон Экстат деген долбоорчу жалданган. Ал мурунку мейманкананын архитектуралык өзгөчөлүктөрүн, мисалы, жез менен капталган жерлерин, кызгылт-күрөң чопо менен шыбалган шыбагын, бурчтан чыгып турган терезелерин калыбына келтирген. Жаңы курулуп жаткан имарат 1986-жылы Жахабанын Күбөлөрүнө сатылган. Алар аны башкы башкармалыкта кызмат кылгандар жашай турган үй катары колдонуп келишкен. Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян: «30 жылдан бери Колумбия-Хайтс, 97 башкы башкармалыктагы жүздөгөн кызматчылардын үйү болуп келген. Кайталангыс өзгөчөлүктөрү бар, сонун жерде жайгашкан бул имарат жашаганга аябай ылайыктуу»,— дейт.

8 232 чарчы метр болгон бул имаратта 97 бөлмө бар. Алардын айрымдарында балкон, эң үстүнкү кабаттагыларында терассалар бар. Ошондой эле имараттын ичинде 30 унаага ылайыкташтырылган автотурук бар. Орэнж Стрит тарабында автотурукка кирип-чыга турган өзүнүн эшиги бар.

Симонян мырза мындай дейт: «Биздин кызматчылар, кеңселер 2016-жылдын 1-сентябрынан тартып бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыктын Уориктеги жаңы имаратына көчө баштаган. Колумбия-Хайтс, 97деги имараттын сатылышы башкы башкармалыктын көчүшүнүн акыркы иш-чараларынын бири болду».

Байланышуу:

Давид Симонян, жалпыга маалымдоо бюросу, 1-718-560-5000