Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 31-ДЕКАБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

Жахабанын Күбөлөрүнүн видеоролиги ата-энелерге дүйнөлүк көйгөйгө айланган мектептеги кордук менен күрөшкөнгө жардам берүүдө

Жахабанын Күбөлөрүнүн видеоролиги ата-энелерге дүйнөлүк көйгөйгө айланган мектептеги кордук менен күрөшкөнгө жардам берүүдө

НЬЮ-ЙОРК. Мичиган университетинин алдындагы Чарлз Мотт атындагы балдар ооруканасынын 2017-жылы жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, Кошмо Штаттардагы ата-энелер мектептен кордук көрүү балдардын ден-соолугуна өтө зыяндуу деген ойдо.

АКШнын Саламаттык сактоо жана социалдык кызматтар министрлигине караштуу stopbullying.gov веб-сайтында жазылгандар ата-энелердин кооптонуусу негиздүү экенин көрсөтүп турат. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кошмо Штаттардагы окуучулардын 30дай пайызы мектептен кордук көргөнүн айтышканы маалым болгон.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Нью-Йорктогу бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «Биз мектепте көрсөтүлгөн кордуктун балдарга канчалык залакасы тиерин түшүнөбүз. Ошондуктан Ыйык Китепке негизделген билим берүү ишибиздин чегинде ушул көйгөйгө жана учурда үй-бүлөлөр туш болуп жаткан дагы башка көйгөйлөргө байланыштуу материалдарды чыгарып турабыз. Беш жылдай убакыттан бери дүйнө жүзүндөгү миллиондогон үй-бүлөлөр жандандырылган сүрөт түрүндөгү „Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур“ деп аталган видеоролигибиздин абдан пайдасы тийип жатканын билдирүүдө».

«Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур» деген тасманын кордук көрүп жүргөн балдарга бул тууралуу ата-энесине, мугалимдерге же өзү ишенген бирөөгө айтууга үндөп жаткан жери

Төрт мүнөткө жетпеген убакытка созулган ал видеороликти Жахабанын Күбөлөрүнүн jw.org расмий веб-сайтынан табууга болот. Видеоролик 280ден ашык, анын ичинде 30дан ашык жаңдоо тилинде бар.

Колумбиядагы CES университетинин балдар менен өспүрүмдөрдүн психикалык саламаттыгын изилдөө программасынын координатору Наталия Карденас Сулуага мындай деп айткан: «Мага „Бейбаш балдарга мушташпай эле каршы тур“ деген видеороликте көрсөтүлгөндөр аябай жакты. Себеп дегенде менин өлкөмдө ата-энелер балдарын уруш-талашты күч менен жеңиш керек деп үйрөтүшөт. Бул видеоролик кордук көрүп жаткан балдарга каршы туруунун туура ыкмасын үйрөтөт деп ойлойм. Ошондой эле, ким болбосун, башкаларга окшош болбогону үчүн эле шылдыңга алынып, кордук көрүшү мүмкүн деген маанилүү ойду ачып берет экен. Балдар муну түшүнсө, өтө тынчсызданбай, инсандык касиет-сапаттарын сактап кала алат».

Түштүк Кореядагы Сонгюнгван университетинин адъюнкт-профессору Хон Чун Сун мындай деген: «Менимче, бул тасманын жандандырылган сүрөт түрүндө болгону пайдалуу эле болбостон, мектептен кордук көрүп жаткан балдардын, айрыкча, кичинекей балдардын кызыгуусун арттырат. Андан сырткары, оңой эстеп калганга да шарт түзөт».

Мындан тышкары, мектептеги кордукка байланыштуу илимий изилдөө жүргүзгөн эл аралык долбоорду негиздегендердин бири Шелли Химел байкаганы тууралуу мындай деген: «Бул видеоролик балдарга мен билген изилдөөлөргө шайкеш келген маалыматты жеткирет деген ойдомун. Ата-энелерге, балдар жана өспүрүмдөр менен иштешкен мугалимдерге жана башка чоң кишилерге балдар менен ушул темада сүйлөшүш үчүн сөз баштаганга да өбөлгө түзөт».

Давид Симонян сөзүн мындай деп жыйынтыктайт: «Биз мектептен шылдыңга алынып, басынтылып, кордук көрүп жаткан балдарга кабатыр болуудабыз жана алар тасмадагы кеңештерден пайда алат деп үмүттөнөбүз. Алсак, ал тасма кордук көрүп жатканы тууралуу өзү ишенген кишиге, айрыкча, ата-энесине же мугалимине айтууга үндөйт. Анткени алар балага эмне кылышты айтып, колдоо көрсөтө алышат. Кордук көрсөткөндөргө жалгыз каршы турганга умтулбай эле койгон оң».

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел.: +1-845-524-3000