Кошмо Штаттардагы тарыхый окуялар
17-ИЮНЬ, 2002. АКШнын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу иши Конституция тарабынан корголору тууралуу 1940-жылдары чыгарган чечимдерин дагы бир жолу ырастаган («Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Нью-Йорк) Страттон айылына каршы» иши)
АВГУСТ, 1998. Кошмо Штаттардагы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны бир миллиондон ашкан
15-АПРЕЛЬ, 1992. Огайо Жогорку соту «Пейтер Пейтерге каршы» деген ишти карап жатып мурунку соттун чечимдерине кошулуп, төмөнкү сот ата-эненин бирин туткан дининин негизинде эле бала тарбиялоо укугунан ажыратканы мыйзамсыз экенине макул болгон
30-ОКТЯБРЬ, 1985. Миссисипи Жогорку соту кишинин кансыз дарылануу укугу жеке турмуштун колтийгистигине жана дин тутуу эркиндигине байланыштуу укугу менен корголот деп чечим чыгарган («Браундун» иши)
31-АВГУСТ, 1972. Колумбия округунун апелляциялык соту кандай кесепетке алып барарын түшүнсө да кан куюудан баш тарткан, бойго жеткен кишинин көз карашын мамлекет эске алышы керек деп чечим чыгарган («Осборндун» иши)
30-НОЯБРЬ, 1953. АКШнын Жогорку соту толук убакыт кызмат кылган Жахабанын Күбөсүнүн жумушу бар болсо да аскер кызматынан бошотулууга укугу бар деген чечим чыгарган («Дикинсон Кошмо Штаттарга каршы» иши)
1944. Жахабанын Күбөлөрүнө көрсөтүлгөн куугунтук басаңдай баштаган
14-ИЮНЬ, 1943. АКШнын Жогорку соту Гобайтистин ишине байланыштуу чечимди жокко чыгарып, милдеттүү түрдө желекке таазим кылып, ант берүү Жахабанын Күбөсү болгон окуучулардын сөз жана дин тутуу эркиндигине байланыштуу конституциялык укуктарын бузат деп чечим чыгарган («Батыш Виржиния штатынын билим берүү башкармалыгы Барнеттке каршы» иши)
3-МАЙ, 1943. АКШнын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнөн диний адабияттарды таратуу үчүн лицензия талап кылуу мыйзамсыз деп чечим чыгарган («Мердок Пенсильванияга каршы» иши)
3-ИЮНЬ, 1940. АКШнын Жогорку соту мамлекеттик мектеп окуучулары желекке милдеттүү түрдө таазим кылышы керек деп чечим чыгарган («Майнерсвилл мектеп округу Гобайтиске каршы» иши); Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктап башташкан
20-МАЙ, 1940. Биринчи жолу АКШнын Жогорку соту дин тутуу эркиндигине байланыштуу Конституциядагы биринчи түзөтүүнү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары колдонушу керек деп өкүм чыгарган. Андан тышкары Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн кабар айтуу иши коомдогу тынчтыкты бузбайт деп чечим чыгарган («Кантуэлл Коннектикут штатына каршы» иши)
28-МАРТ, 1938. АКШнын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн адабият таратуу үчүн уруксат алууну талап кылууга байланыштуу токтомду жокко чыгарган («Ловелл Гриффин шаарына каршы» иши)
26-ИЮЛЬ, 1931. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Жахабанын Күбөлөрү деп аталып калган
14-МАЙ, 1919. Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) жетекчилерине чыгарылган өкүм жокко чыгарылган; айыптар кийинчерээк алынып салынган
20-ИЮНЬ, 1918. Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коомунун (Пенсильвания) жетекчилерин мамлекеттин согуш жүргүзүү саясатына каршы келген маалыматты чыгарды деп соттоп, түрмөгө камашкан
4-МАРТ, 1909. Кийин Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому деп аталып калган Жакшы кабар таратуучулардын бирикмеси уюштурулган
31-ЯНВАРЬ, 1909. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр башкы башкармалыгын Бруклинге (Нью-Йорк) көчүрүшкөн
15-ДЕКАБРЬ, 1884. Кийин Күзөт мунарасы, Ыйык Китеп жана баракчалар коому (Пенсильвания) деп аталып калган юридикалык жак түзүлгөн
1880-жылдар. Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр Аллегейниде (Пенсильвания) башкы башкармалыгынын кеңсесин ачышкан
ИЮЛЬ, 1879. Азыр «Күзөт мунарасы» деп белгилүү болгон журналдын биринчи нускасы басып чыгарылган
1870. Чарлз Тейз Расселл жана анын шериктери Аллегейниде (Пенсильвания) Ыйык Китеп изилдөө тобун уюштурушкан жана Ыйык Китеп Изилдөөчүлөр деп аталып калышкан