2017-ЖЫЛ, 8-СЕНТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР
«Ирма» куюнуна байланыштуу алгачкы маалымат
2017-жылдын 5-сентябрында Атлантика океанында эң күчтүү куюндардын бири деп эсептелген куюн болуп, жер көчкүнүн жүрүшүнө алып келди. Ал куюн буга чейин Кариб деңизиндеги көптөгөн аралдардын таш-талканын чыгарган. Бактыга жараша, бул жолкусунда бир туугандардын эч кимиси каза болгон жок же жаракат алган жок. Ла-Дезираддагы (Гваделупа) бир Падышалык залы, Синт-Бартсдагы бир Падышалык залы жана Синт-Мартендеги бир жыйындар залы талкаланды.
Барбуда аралында куюн катуу болгондуктан, аралдын тургундарынын 50 пайызы үйсүз калды. Дем алыш күндөрү «Хосе» куюуну Кариб аралдарын бүлгүнгө учуратышы мүмкүн деген маалыматтын негизинде бийлик өкүлдөрү аралдагы элди, анын ичинде 11 бир тууганыбызды Антигуага көчүрүүгө буйрук берди.
«Ирма» куюну түндүктү көздөй бет алып, Багам аралдарын, Кубаны жана Кошмо Штаттардын түштүк-чыгышын талкалап келаткандыктан, бир туугандар жардам берүү чараларын алдын ала уюштуруп коюшту. Мисалы, башка жакка көчүүгө туура келиши мүмкүн болгон бир туугандар баш калкалай турган жай менен камсыз болушу үчүн алдын ала турак жайлар камдалды.
Байланышуу:
Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000