Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 17-ОКТЯБРЬ
КОШМО ШТАТТАР

АКШнын тарыхында болгон эң күчтүү деп эсептелген «Майкл» бороон-чапкыны баарын кыйратууда

АКШнын тарыхында болгон эң күчтүү деп эсептелген «Майкл» бороон-чапкыны баарын кыйратууда

2018-жылдын 10-октябрында алай-дүлөй салган «Майкл» бороон-чапкыны Флорида штатынын жээк жагына жетип, Кошмо Штаттардын түштүк-чыгыш бөлүгүн кыйратты. Кошмо Штаттардын тарыхында болгон эң күчтүү деп эсептелген 4-категориядагы ал бороон-чапкын имараттардын таш-талканын чыгарып, бери дегенде, 18 кишинин өмүрүн алып кетти.

Бороондон 13 райондогу жана 94 жыйналыштагы бир туугандар жабыр тартты. Бактыга жараша, бир туугандардын эч кимиси каза болгон жок. Бирок үчөө жаракат алды. Ошондой эле бир туугандардын 528 үйү, 34 Падышалык залы зыянга учурады жана баары биригип 39 Падышалык залы электр жарыгысыз калды.

Кошмо Штаттардагы филиал кырсыктан жапа чеккендерге жардам берүү ишин уюштуруш үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитети жана 40тан ашык райондун көзөмөлчүлөрү менен кызматташууда. Алар бир туугандарды тамак-аш, дары-дармек, турак жай, суу менен камсыз кылууда. Ошондой эле үйлөр жашап турганга ылайыктуу болушу үчүн чатырларды брезент менен жаап, кулаган дарактарды алып, тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат. Андан сырткары, бир туугандарга жолугуп, кайраттандырып-жубатууда жана Кудайга болгон ишенимин бекемдөөдө.

Бул дүйнөдө болуп жаткан кырсык-каргашалар, анын ичинде табигый кырсыктар бир туугандарыбыздан кыя өтпөсө да, алар Жахаба Кудайдын дайыма колдоп, жардам берерине бекем ишенишет (Забур 142:5).